Адилет АЙТИКЕЕВ: “Садыр Жапаровдун сотуна карата сигнал болушу мүмкүн”

Адилет АЙТИКЕЕВ: “Садыр Жапаровдун сотуна карата сигнал болушу мүмкүн”

“Искра плюс” гезитинин башкы редактору, белгилүү журналист Адилет Айтикеев учурда Америкада. Ал жакка кеткенине эки жылдын жүзү болуп калды. Кесиптешибиз менен Интернет аркылуу байланышып, маектештик. Чү дегенде эле саясаттан баштадык.

Адилет, Сапар Исаков менен Кубанычбек Кулматовдун камалышына көбү ыраазы, ал эми жактоочулары нааразы. Буга сенин көз карашың кандай?

— Коррупционерлерди текшерип, үй мүлкүн жана өздөрүн камакка алганы жакшы жышаан. Чыныгы коррупционер отурса сүйүнөсүң, ак жерден отуруп калса күйүнөсүң. Негизи бийлик баарына тең, калыстык менен кароосу зарыл. Мисалы, “Райым-миллион” атыккан Матраимовдун үйүн да текшериш керек. Мамлекеттик бажы кызматына башчысы болуп кеткен Адамкул Жунусов деген бар, анын да үйүн текшерүү абзел! УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Болот Сүйүнбаев контрабандадан алган үлүшүн уксаңар, ЖЭБ, 600 долларлык ат тиш, үстөл, эшиктер сайда калат. “Атамбаевди неге Кудай албайт” деп наалыйсыңар… Атамбаевдин ишенимдүү адамдары — Сапар Исаков менен Кубанычбек Кулматовдун камалышы боюнча айта турган болсом, алардын камалгандары го жакшы. Бирок, бул саясий туткундарга карата шахматтык жүрүш болуп калбаса эле болду… Бүгүнкү Садыр Жапаровдун сотуна карата сигнал болушу мүмкүн.

Эгерде бийлик чындап коррупцияга каршы күрөшүп жатканы чын болсо, анда тез арада экс-президент Алмазбек Атамбаев жана анын жакындарына катталган шектүү мүлктөрдү жана банк эсептерин, ошондой эле Икрамжан Илмияновдун, Сапар Исаковдун, Албек Ибраимовдун шектүү мүлктөрүн жана банк эсептерин камакка алышы керек. Болбосо четинен сатып же чет өлкөлөргө чыгарып кетишет. Албетте, бул жерде алардын укуктары бузулат, бирок алардын Кыргызстандын элине жасаган кыянат иштери үчүн бул кадам туура болот жана өзүн актайт.

Негизи эле кыргыз чиновниктеринин 90 пайызы ууру, казына тоногучтар. Алардын 60-70 пайызы намаз окугандар жана ажылар. Азыркы убакта мени кооптондурган маселе — дин. Учурда жашы жете элек, өз ою калыптана элек, жеке пикири пайда боло элек өспүрүмдөрдү медресеге окутуп, кандайдыр бир диний жолдорду таңуулоо күч алып баратат. Менимче, биз, 16 жашка толо элек окуучуларды орто мектепке гана окууга милдеттендирип, диний окууларга берүүгө тыюу салышыбыз керек! Эгер дин боюнча окугусу келсе, анда 16 жаш деле кеч эмес. Ал учурда өз алдынча чечим чыгарганга жарап калат. Ар кайсы агымдардын көбөйүшүнө кейийм. Учурда Таухит, Йакын Инкар, Хизб-ут-Тахрир дагы ушул сыяктуу ар кандай агымдар, коркунучтуу уюмдар көбөйдү. Илгери бир эле ислам бар эле, азыр ар кандай аталыштагы агымдардан баш айланат. Өтө коркунучтуу чекке баратабыз. Биздин мамлекет жетекчилери буларга катуу күрөш жүргүзүүнүн ордуна, кайра диний лидерлер менен мышык, чычкан ойноп, жарыбаган акчанын айынан мамлекетти коркунучтуу абалга такап коюшту. “Силер ажылыктан акча өөнөп жыргап жүрөсүңөр, бир күнү ушул каракчылар чегибизге жакындаганда кеч болуп калышы мүмкүн”,-деп жазууга, айтууга аргасыз кылышууда.

10 жылдан кийин светтик принциптеги кыз менен жигит көчөдө кол кармашып кенен баса албай калган абалга жетип калышыбыз мүмкүн. Ошондуктан бийлик ойлонушу керек!

— А өзүңдү ойлондурган маселе эмне?

— Мени көп ойлондурган маселе, бул — үй-бүлөлөрдүн бузулушу. Башка маселе бир тең, ушул ажырашуу деген трагедия болду. Ата-энесинин ортосунда калган балдардын абалын эч ким ойлогусу келбейт. Ажырашып кеткенден кийин бала же атасынын же апасынын мээриминен куру жалак өсөт. Муну мен өз башымдан өткөрдүм. Атанын орду таптакыр башка болот. Жашоодо көп нерсени, көп маселени чечсе болот, ар кандай кырдаалда адамдын абалын түшүнсө болот. Бирок, эч качан өзүнүн канынан жаралган баласын издеп, ага мээрим төккөн мындай турсун, ара-чолодо пайда болуп, баласынын башынан сылап койбогон аталарга эч качан түшүнө албайм жана түшүнгүм келбейт! “Урматтуу аталар, кандай кырдаал болбосун, кандай гана тоскоолдук болбосун, балдарыңарга мээрим төгүп, тарбия бергенге аракет кылгыла!”,-деп кайрылаар элем. Бул маселе биздин коомдун күрөө тамырын талкалай турган дарт болду!

— Өзүң коомго кошкон салымым эмне деп ойлойсуз?

Фото Адилета Айтикеева.

— Менин коомго кошкон эң чоң салымым бул — өз үй-бүлөмдү эч кимге көз каранды кылбай, адал эмгек, маңдай тер менен багып, өз перзенттериме мыкты тарбия, билим берүү жана аларды жогорку даярдыкта коомго кошуу! Анткени мен үчүн мамлекет өз үй-бүлөмдөн башталат! Бул жашоодо адал эмгегиң менен ырыскы таап, анан ошону отуруп алып ырахаттанып чайноо — бул өзү сөз менен айтып жеткире алгыс бир керемет бакыт экен!

Адал эмгек менен ырыскыны, бакытты издеп, убактылуу чет жакка кетишкен мекендештер оголе көп. Анын бири — сенсиң. Башка жактын аба ырайы, тамак-аш, суусу, абасына көнбөй ооруп калышат турбайбы? А сенчи, алардын климатына көндүңбү?

— Негизи эле 30 жаштан ашкан жигитке, болгондо дагы өз мекенин сүйгөн адамга атасы тааныбаган жерге барып, ал жерде жашап, көнүп кетиш кыйынга турат. Алыста жүргөндөн кийин кыйналасың, кыйналган күндөр болду. Жаңы келгенге караганда, азыр кадимкидей көнүп, ылайыкташып калдым. Абасы сонун, табиятынын кооздугу сөз жеткис. Айрыкча адамдар менен табияттын гармониясы укмуш да. Бугулар шаар аралап жүрөт. Каз-өрдөктөр кайсы жерде болбосун эркин чардап жүрө беригет. Эгер бугу жолго чыгып, жөө адамдар өткөн тилкеден аркы өйүзгө өткүсү келсе, машиналар аларга токтоп, урмат кылышат. Бирок, тилекке каршы, чоң жолдордо өлүп жаткан эликтер көп, себеби жаныбар болгондон кийин токойдон шашып чуркап чыгып, катуу ылдамдыкта келе жаткан машинелерге урунуп калышат. Ошентсе да көз кубанткан көрүнүштөр абдан көп.

— Ошентсе да Кыргызстанды сагындыңбы, өзгөчө балдарыңды сагынып жатсаң керек?

— Сагынычта чек жок. Кызымды аябай сагындым. Балдар чоңоюп, эс тартып келе жатышат. Улуусу мени менен кадимкидей маектешет. Ал эми кичүү уулум көп суроо берет. Китеп окууга кызыгышат. Балдарга белек жиберип турам. Бирок улуу уулум өткөндө туулган күнү болгондо сүйлөшүп отурсам айтат: «Ата, бизге ашыкча белек кереги деле жок. Сиз кыйналып алыста жүрөсүз, андан көрө апама тезден акча жиберип турсаңыз жакшы болот эле»,-дейт. Апасын ойлоп жатканын угуп, чыны кубанып калдым. Улуусу оюнкараак. Анан калса менин тун уулум болгондуктан, аны өтө жакын эркелетип өстүрдүм. Ал эми экинчиси абдан ойчул. Оюнга кызыкпайт. Мен да кичинемде ошондой болчумун. Убакыт болгон жерде китеп окуп, маалымат топтогонго аракеттенчүмүн. Албетте, бул сапат өз жемишин берет экен.

— Балдарыңдын арты менен балалыгыңды эстеп калдың, ал кандай өттү эле?

— Менин балалыгым негизинен жашоо өтө татаал болгон 90-жылдарга туш келди. Кичинемден билим алууга ынтызар элем. Китепке жакын өстүм. Балдарга окшоп деле ары-бери чуркап ойнобоптурмун эстесем. Ал эми Мирбек оюнкараак болду.

— Бир тууган иниң Мирбек Айтикеев белгилүү журналист болуп чыга келди. Мирбек экөөңөрдүн келбетиңер аябай эле окшош. Мүнөзүңөр дагы окшошпу?

— Келбетибизди аябай окшоштурушат, бирок, окшоштук өзүбүзгө билинбейт. Иним экөөбүздүн мүнөзүбүз таптакыр эки башка. Мирбек кичинесинен мүнөзү татаал, бирок, адамдар менен тил табышуу жагынан кыйын. Мен болсо акылдуусунуп, өзүм теңдүүлөрдү теңиме албай, акыл үйрөтүп жатып балдар менен көп тил табыша албай калчумун.

— Кимиңер тентек элеңер?

— Мирбек кичинесинде өтө тентек эле, ошонун айынан көп таяк жеди. Иним канчалык тентек болгону менен угуу жөндөмү күчтүү болчу. Мен китеп окуп берем, ал угуп жата берет. Түшүнбөй калган жерин сурайт, мен акылымдын жетишинче түшүндүрүп берем. Анын үстүнө ар убак апам: «Оюндан эч нерсе чыкпайт, китеп окуп, жумуш кылыш керек»,- деп айта берип, кулагыма сиңип калыптыр. Анан калса: «Артыңардан тирек болчу атаңар кетип калды. Кокус бейбаштык кылсаңар өзүңөрдүн шоруңар. Ошон үчүн тынч жүргүлө»,- деп көп айтчу. Бул сөз бизге дары эле болуптур ойлоп көрсөм. Апам бизди багам деп иштебеген жери калган жок. Балалык кезибиз ары түйшүктүү, ары кызыктуу өттү.

— Түйшүктүү деп калдың. Кара жумушта иштедиңер беле?

— Ооба. Мирбек 2-класс, мен 4-класста окуп жүргөн кезден тартып талаа жумуштарына аралаша баштадык. Экөөбүз жасабаган иш калган жок. Колхоздон калган ортолук бар эле, ошол ортолук сепкен кызылча плантациясынан 50 сотыхка чейин үлүш бөлүп алып ошону жайы бою чаап, отоп, сугаруу биздин мойнубузда. Мирбек сугарат, мен суу жыгып, аны бирөө жолдон буруп албасын деп кайтарам. Кыскасы, мектепти бүткөнгө чейин, андан кийин деле оор жумуштан башыбыз чыккан жок.

— Фасолго иштеп калдыңарбы?

— Албетте. Биз эс тартып калганда, фасоль деген балекети башталган…

— Сен жашаган жерде бала бакча, мектепке барган кыргыз балдар болсо керек? Эне тилибизди унутушкан жокпу?

— Кыргыздардын арасында бул көйгөй азыраак. Анткени ата-энелер балдарына өз эне тилин кошо үйрөтүүгө басым жасашат. Анан калса Кубат Кубаналиев деген мыкты жигиттин демилгеси менен кыргыз тилин америкалык кыргыз балдарга окутуу боюнча атайын китептер басылып, сабактар өтүлгөнүн угуп жатам. Өз эне тилин жана каада-салтын урматтап, аны сактай жүргөн жакшы көрүнүш.

— Жакшы экен. Өзүңчү, алардын тилинде сүйлөп калган жоксуңбу?

— Жаңы келгенде англисче “нан” деген сөздү билчү эмесмин. Азыр эми акырындык менен жаңы сөздөрдү кошуп, тилди өнүктүрүүгө аракет кылып жатабыз. Бул жакта элдин бир өзгөчөлүгү, сүйлөп жаткан адамдардын катасын оңдоп, уяткарбайт. Тескерисинче, ар бир сөзүңдү түшүнүп, сени менен чын дилден маектешкенге аракет жасашат. Бул өз кезегинде тил үйрөнүүгө чоң өбөлгө түзөт.

— Адамдардын психологиясы, деңгээли кандай экен?

— Башкача. Таптакыр башкача. Адамдар жөнөкөй, маданияты бийик, чыдамы күчтүү. Кезек күтүү, жол бошотуу, алдынан чыккан адамга жылмая карап учурашуу бул жердин негизги маданияты.

— “Кийинүүгө көп көңүл бурбайт” деп угабыз. Ал жагы кандай?

— Кадимкидей эле (күлүп). Бирок, булар чындап эле жөнөкөйлүккө, жупунулукка басым жасаганын байкаса болот. Кийим-кече деле ар кандай. Негизинен арзан эле. Анткени, булар деле негизги товарларды Кытайдан алышат да.

— Азык-түлүк, тамак-аш, жашылча, жер-жемиш кымбатпы? 

— Биздин баа менен алганда кымбат эле. Бирок булардын чен-өлчөмү менен алганда арзан эле болуп калат.

— Тазалыгы кандай?

— Бардыгы адамдардын ички маданиятына жараша болот экен. Тазалык жагынан мыкты эле.

— Селсаяк, кайырчылар барбы?

— Албетте, бар. Бирок биздегидей көп эмес. Ошентсе да жол боюнда отурган кайырчыларды, кесилиштерде машиналардын алдын тороп акча сурап жүргөн адамдарды көрүүгө болот. Бирок, көп эмес. Кой аксагы менен миң да..

“Америкалыктар эс алуу дегенди билишпейт, иштерман” деп угабыз…

— Бул жерде адамдар негизинен иштерман келишет. Түшкү тамактануу деген дээрлик жок. Кайсы мекемеге барбаңыз, кызматкер отурган жеринде шам-шум этип атканы болбосо, салфетка менен оозун аарчып алып дароо Сизди тейлегенге өтөт. Ошондуктан адамдар тез жасалчу тамактарга басым жасашат. Бирок америкалыктар эс алганды да жакшы билишет. Кыргыздардай болуп алтынчы-базар күндү той-топур менен өткөрбөйт. Тескерисинче, эң мыкты кафелерге барышат же болбосо жер кыдырып, табияттын койнунда эс алууга аракет кылышат. Айрыкча жума күнү кечкурун ар кандай катер, скутер, кайыктарды машинелерине жүктөп алышып же болбосо көчмө үйлөрдү, автобустарды айдатып алышып эс алганы кетип бара жаткан адамдарды көп көрөсүз. Албетте, иштерман эл эс алганды да жакшы билет.

— Жакында эле балдардын майрамы болуп өттү, бул күндү кандай майрамдашат экен?

— Чынын айтсам, Америкада балдар күнү кызыл календарь болгону менен кантип майрамдаганын байкай алганым жок. Негизи эле Америкада дем алыш күндөр бар, бирок ар кандай майрамдашат. Буларда негизинен христиан динине байланыштуу майрамдарга басым жасалат, анан албетте хэллоуинди катуу майрамдашат. Кызыгы, 25-декабрда чуру-чуу түшүп жаткан америкалыктар 31-декабрь күнү салют атып майрамдаганын көрө албадым. Негизи эле башкача мамлекет. Үлгү ала турган жактары көп.

— Мисалы, кандай үлгү? Балдарга мамиле жасаган жагынан үлгү боло алат. Алар балдарына кол көтөрбөйт, антсе жоопко тартылат. Мыйзам жакшы иштейт” деп угуп калабыз.

— Балдарды чапмак түгүл, ага карата бир аз үн көтөрүп же кыйкырып сүйлөөнү булар балдарга карата зордук-зомбулук деп билишет. Көпчүлүк Европа өлкөлөрүндө, Америкада жана башка цивилдүү дүйнөдө балдарды сабамак тургай, үнүңдү көтөрүп, катуу кыйкырып койсоң катуу жоопкерчиликке тартыласың. Көпчүлүк учурда балдарды кордогондор ата-энелик укуктан ажыратылат. Негизинен Америкада баланы эркин жана өз алдынча ой жүгүртүүгө, көз карандысыз адам болууга ыктап тарбиялашат. Албетте, мунун жакшы жагы, эркин коомдун, эркин жарандык позициянын жана негизи эле эркин адамдын тарбияланышын шарттайт. Ошонун негизинде Америка өнүгүп жатат да.

— Жакшы жагын көп айтышат. Жаман жагы деле болсо керек?

— Албетте. Жаман жагын айта турган болсом, биз жактан келгендер менен жергиликтүү менталитеттердин ортосунда кагылышуу байкалат жана көп учурда түшүнбөстүктөр болот.

— Кандай түшүнбөстүктөр болот? Көргөн же уккан окуядан айтып берсең?

— Жаңы келгенде уккан бир окуяны айтып берейин. Нью-Йоркто жашаган Өзбекстандан келген үй-бүлөдөгү окуучу өспүрүм бала ооруп мектепке барбай калат. Албетте, аны биздегидей эле апасы карап, койдун майын сүйкөп, ысык чайдан берип, ысык шорпо ичирип карайт, ооруган баласын эркелетип жанына алып жатат. Бала айыгып мектепке барганда эжекеси: «Ооруканага жаттыңбы?»,- деп сурайт. Ал: «Апам мени койдун майын шыбап, ысык шорпо ичирип, жанына алып жатты»,- дейт. Аны угуп шок болгон мугалим дароо полицияга чалат да, баланын апасын каматып салат. Үй-бүлө 8 ай сот менен алышып, акыры бул биздин регионго тиешелүү эненин балага болгон камкордугу, бул жерде эч кандай педофилия жок деп далилдешип, апасын араң соттон алып чыгышат да, Америкадан көчүп кетишет. Бул, албетте, кызык жагдай. Мындай карама-каршылыктар көп эле кездешет.

— Ооруканага жатып дарылануу кымбатпы? Карапайым элди камсыздандыруу системасы кандай иштейт?

— Карапайым эл үчүн камсыздандыруу системасы иштейт. Мисалы, адам өзүнүн оорулуу жерлерин байкап, анализдеп туруп ошол жерине ылайыктап камсыздандыруу барагын ачтырып алат да, четинен төлөп, ооруп калса дарылана берет. А эгерде камсыздандыруу болбосо, анда дарылануунун наркы асманды чапчыйт. Мисалы, бизде, айрыкча Америкадагы медицинанын, өрт өчүргүчтүн тейлөөсүн көп сөз кылып калышат. Албетте, бир жолу медициналык тез жардам чакырганда — 800 доллар алса, өрт өчүргүч — 3000 долларга жакын алса, анан жанталашып иштейт да. Бир эле жолу кирип, кан басымды өлчөтүп чыгуунун өзү эле 1000 доллардын тегерегиндеги акча турат. Ал эми кичинекей эле өт же сокур ичегини (аппендицит) алдыруу сыяктуу операциялар 30 миң доллардан жогору турат. Эми элестетиңиз, биздин эл дагы медицинага бул сыяктуу олчойгон сумма болбосо дагы, жок дегенде Кыргызстандын шартында жетиштүү каражат төлөп дарыланса, албетте, кыргыз врачтары деле жанталашып иштейт да. Анан алган акчасы же тамагына жетпесе, же кийимине жетпесе, ким болбосун иштегиси келбей, бейтаптан акча күтөт да.

— Демек, врачтардын алган айлыгы жакшы турбайбы?

— Бир жашыруун нерсени айтсам болот, балким, жакшы билген адамдарга жашыруун деле эмес. Америкада эң көп айлыкты врачтар менен юристтер алат. Бул жерде ооруканалардын абалы да, врачтардын айлыгы да мыкты.

— Мугалимдердин да айлыгы жакшы болсо керек. Ал жакта мамлекеттик мектеп көппү же жеке менчикпи?

— Бул жакта жеке менчик мектептер менен мамлекеттик мектептер параллельно иштешет. Каалагандар мамлекеттик мектептерге, андан мыктысын каалагандар жеке менчик мектептерге беришет. Американын өзгөчөлүгү, кайсы гана тармак болбосун, айлык жашоодогу чыгымдарга кенен жетет. Атүгүл чогултканга да кенен жетет. Бул жерде мугалимдер гана эмес, бардык тармактарда шарттар камсыздалган. Анткени эл ошончо салык төлөйт. Баары эсептелген жана ачык.

Маектешкен Нази БАЯН кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.