КСДП депутаты Осмонбек Артыкбаев камакка алынды

КСДП депутаты Осмонбек Артыкбаев камакка алынды

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Осмонбек Артыкбаевге кылмыш иши козголуп, камакка алынды. Мындай маалыматты УКМК билдирди. Аталган комитеттин маалыматына караганда, О.Артыкбаев Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесин биринчи бөлүмү («Коррупция») боюнча козголгон кылмыш ишке шектүү катары УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Азырынча мөөнөтү белгисиз.

Эскерте кетсек, О.Артыкбаевге 5-июнда Башкы прокуратура «ЖЭБди модернизациялоо» долбоорун ишке ашыруудагы коррупция боюнча кылмыш ишин козгогон. Ошонун алдында депутат УКМКга суракка чакыртылган. Башкы прокуратура Артыкбаевди 2013-жылы энергетика министри болуп турган кезде Кытайдын ТВЕА компаниясы менен Бишкек ЖЭБин 386 миллион долларга модернизациялоо тууралуу «Кыргызстанга ыңгайсыз шарттагы келишим түзгөн» деп айыптады.

Парламентте ЖЭБ боюнча маселе көтөрүлүп, ага да бир топ суроолор берилген. Жооп берип жатып, аягында: «Буйрук бергендер жооп бербей, аткаргандар жооп берип жатат да»,- деп кыйыткан эле. Буйрук берген кишинин атын эми атаса болот го…

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.