Аида САЛЯНОВА: “Садыр Жапаровдун тарапташтарын камоо – аша чапкандык!” (ВИДЕО)

Аида САЛЯНОВА: “Садыр Жапаровдун тарапташтарын камоо – аша чапкандык!” (ВИДЕО)

Деп Аида Салянова депутат болуп турганда (анда ажо А.Атамбаев эле. Ал өтө аша чаап кеткен – авт.) парламенттин трибунасында айткан. С.Жапаров Кыргызстанга кайтып келгенде, аны чек арадан тосуп алууга барган балдары, бир туугандары, жактоочулары барган. Аларды ошондо Атамбаев бийлиги аоесуз камакка алган. Кармалгандары бошотуу сунушун А.Салянова парламентте көтөрүп чыккан. Аны эмнеге азыр берип жатабыз. Себеби, учурда Аида Жеңишбековнаны каралоо социалдык түйүндөрдө жүрүп жатат.

“Каралоонун дагы чеги болот!

Каралап жаткан адамдарга жооп катары А.Салянованын жактоочулары мындай деп жазып чыгышты. Ал эч өзгөртүүсүз берилди. Анда мындай деп жазылган: “Бул видео Садыр Жапаровдун күйөрмандарына арналат, жакшылап көрүп койгула. Салянова бийик трибунадан эч ким оозуна албаганда, Садыр Жапаров менен кошо камалган, эч күнөөсү жок жаштарды, кошо Россиядан келген эмгек мигрант активисттерди камаганда, “мыйзам бузулду, коргоп калышыбыз керек!” деген сунушу менен Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылганда, көбү колдобой коюшкан. Эми бүгүнкү, андан башкадагы инстанциялардын чечими чыккан сайын Салянованы күнөөкөр кылып жатышат.

Салянова 2012-жылдары Жапаровго башка иш козгогон, анын себеби 2010-жылдагы революциядан кийин качкан Бакиевдердин мүлкүн мыйзамсыз жакындарына котортуп алган иш болчу, ал тастыкталып Киевскийдеги имарат мамлекеттин балансына улутташтырылган. Андан сырткары, бул видеону Элмира Жээнбек кимдин досу болсо дагы бөлүшүп койгула, ал Салянованы каралоо максатындагы посттко комментарий эмес, жакшы комментарийге лайк койгондорду блоктоп салып жатат. Каралоонун дагы чеги болот!”

Андагы айткандарын бу жердеги ВИДЕОдон көрүңүз!

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.