Айт намазга Атамбаев келеби?

Айт намазга Атамбаев келеби?

Эртең, 15-июнда, Бишкек шаарынын эски аянтында, Орозо айт намазы 6:15те башталат. Бул тууралуу Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматы билдирди. Алардын айтымында, намаз саат 6:15те башталып, 8:00до бүтөт.

Айт намазынын программасы:

06:15-07:00 — Дин аалымдарынын баяндамалары;

07:00-07:20 – Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийинин куттуктоосу жана баяндамасы;

07:20-07:30 — КР өкмөтүнүн куттуктоосу;

07:30 – Айт намазы;

Айт намазга кимдер барат?

Айт намазга карапайым элден чиновникке чейин барат. Былтыр Бишкектин Эски аянтына эл батпай калган. Анда 35 миңдей калк катышканы боюнча шаардык милициянын басма сөз кызматы билдирген. Быйыл андан да көп болоору айтылуу. Баса, жылына айт намазды кичи мекени Аламүдүн районундагы Арашан айылына барып окуган, 6 жыл Кудайды оозанып келген жана келаткан экс-президент Алмазбек Атамбаев быйыл эски аянтка келээри боюнча кеп кетти. “Шамал болбосо, чөптүн башы кыймылдабайт” дегендей, барып калышы мүмкүн…

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.