“Ата Мекен” партиясы Текебаев боюнча талап кылышууда…

“Ата Мекен” партиясы Текебаев боюнча талап кылышууда…

Башкы прокуратуранын Текебаев менен Чотоновдун ишин кайра кароодон баш тартканы боюнча “Ата Мекен” партиясы билдирүү таратты. Кыскача айтканда, кайрылууда: “Текебаевдин ишин жаңы жагдайлар боюнча кароодон баш тартуу, сотторго болгон элдин ишенимин кайтаруу керек деген президенттин Коопсуздук кеңешинде сүйлөгөн сөзүнө кайчы келет. Президенттин сөзүнөн кийин, өлкөдө саясат чындап өзгөрдү деп үмүт кылганбыз. Тилекке каршы, андай болбой калды. Башкы прокуратура саясатка аралашып, башаламандыкты жактаган жолду улантууда. Жогорку Кеңештен Текебаев менен Чотоновдун ишин жаңы жагдайлар боюнча кайра кароодон баш тарткан баш прокурордун орун басары Жамиля Жаманбаеванын кесипкөйлүгүн кароону талап кылабыз!», – деп жазылат.

Эскерте кетсек, Башкы прокуратура “Ата Мекен” партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаевдин ишин кайра кароодон баш тарткан. Ө.Текебаев менен Д.Чотонов «Мегаком» чырына байланыштуу «Коррупция» беренеси менен айыпталып, былтыр февраль айында камалган. Аларга «орус жараны Леонид Маевскийден 1 млн. доллар пара алган» деген айып тагылып, сот ар бирин 8 жылга эркинен ажыраткан. Ө.Текебаев Бишкектеги №47 абакта, Д. Чотонов Молдовановкадагы абакта жаза мөөнөтүн өтөөдө.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.