Бүгүн президент дүйнөлүк футболдун ачылышына катышат

Бүгүн президент дүйнөлүк футболдун ачылышына катышат

Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. Алардын айтымында, президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-июнда, В.Путиндин чакыруусу боюнча бир күндүк иш сапар менен Москва шаарына учуп кеткен. Бул иш сапардын алкагында, мамлекет башчы футбол боюнча Дүйнөлүк чемпионаттын ачылыш аземине катышат.

Сооронбай Жээнбеков  менен Владимир Путиндин эки тараптуу жолугушуусу күтүлүүдө, анда эки өлкө ортосундагы кызматташуу маселелерин талкууланат.

Футбол таймашына 32 өлкөдөн команда келген

Төрт жылда бир өтчү футбол боюнча дүйнө чемпионаты бүгүн Россияда башталат.  Таймашка 32 өлкөдөн командалар келген. Чемпионат 1 айдан кийин, 14-июлда жыйынтыкталат.

Президент Сооронбай Жээнбеков Россия менен Германия командаларын колдоору маалым болду.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.