Орус дүйнөсүн өзгөрткүсү келген Станислав Говорухин каза болду

Орус дүйнөсүн өзгөрткүсү келген Станислав Говорухин каза болду

Орус киносундагы залкарлардын бири С.Говорухин эле. Ал тарткан кинолорду көрбөгөн киши жок, өзгөчө эски муун: “Вертикаль», “День ангела”, “Белый взрыв”, “Жизнь и удивительные приключений Робинзона Крузо”, “Контрабанда”, “Ветер”, “Надежды”, «Место встречи изменить нельзя”, “Приключения Тома Сойера и Гекльберри Финна”, “В поисках капитана Гранта”, “Десять негритят”, Ворошиловский стрелок”, “Конец прекрасной эпохи” аттуу ж.б. тасмалар .

“Мен кинолорумда көрөрманды чыңалууда кармагым келет. Анткени турмушубуз ошондой. Эмнеге мен “Аны тарта көрбө, кокуй!” деп жогору жактан айтканына карабай, Владимир Высоцкийди ролго чакырып, жакшы көрчүмүн? Анткени ал да өз ырлары менен бүтүндөй коомду чыңалууда кармачу” дегени бар. 2000-жылы Орусиянын президенттигине өз талапкерлигин койгон. Журналисттер: “Эмнеге президенттикке талапкерлигиңизди коюп жатасыз? Рейгандай болгуңуз келеби?” деген суроосуна кыскача гана: “Мен орус дүйнөсүн өзгөрткүм келет. Өтө майдаланып кеттик. Орус духу мындай эмес. Калыбына кайтарышыбыз керек” дегени бар. Ал эми 2012-жылы Владимир Путиндин президенттик шайлоо штабын башкарган.

Чындыгында, С.Говорухин орус киноискусствосунда өз орду, кошкон зор салымы бар чеберлердин бири. “Сиздин жашооңуздун мааниси эмнеде?” деген суроого: “Адам баласы ойлонгусу келбейт. Бирок биз макулук эмеспиз да. Мен адамдардын ойлонуп иш кылуусун каалайм. Адабияттан тышкары, кино да адам баласын ойлонтууга тийиш. Менин тарткан тасмаларым бир кишини ойлонткон болсо, анда турмушум текке кетпептир деп эсептейт элем” деген…

Ошентип 83 жашка келген кинорежиссер, актер, киносценарист узакка созулган оорудан каза болуп, орус киноматографы оор жоготууга учурап олтурат…

Таасын ТАСМАЕВ

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.