Дарыгүл ОМОРАЛИЕВА: “Дин жолундагылар азыр окуганына, укканына жараша жазып, сүйлөп жатышат”

Дарыгүл ОМОРАЛИЕВА: “Дин жолундагылар азыр окуганына, укканына жараша жазып, сүйлөп жатышат”

Биздин сүйүктүү, сыйлаган адамыбыз — Дарыгүл Оморалиева менен таалим-тарбия, эне тилибиз боюнча учкай маектештик. Эжебиз баштаганда эле кыргыз элибизди бүгүнкү майрамы менен куттуктады.

— Кыргыз элимди бүгүнкү Ыйык Орозо Айт майрамы менен куттуктайм. З0 күн Орозо кармаган кыргыз элимдин тилек, ниеттерди Кудай кабыл кылсын.

— Орозо кармаганыңызга канча жыл болду?

— Турмушка чыккандан бери Орозо кармап келе жатам. Ортодо бала төрөп, аларды карап, анча-мынча шартка байланыштуу кармаган эмесмин.

— Канча жашыңыздан Кудайга ишенип, сыйынып калгансыз?

— Мен бала кезден Алла Талаага ишенген адаммын. Чоң ата, чоң энем, таенем динге ишенген Кудай деген адамдар эле. Бала кезден алардын намазга окугандарына кызыгып келсем, азыр өзүм намазга жыгылам.

— Намаздан кандай таасир алдыңыз?

— Кудай жолунда жүрсөң, иштерин оңолуп, термин менен айтканда, “стресс, депрессия” деген нерселер жолобойт. Муну мен ишенимдүү айта алам. Намаз бул — Кудай менен түз байланыш деп ойлойм. Себеби, ниет, тилектерди, муктаждыктарыңды, жандүйнөңдү кыйнап жаткан көйгөйлөрдү Алла Талаага айтып, суранып, жалбарасың. Анан жеңилдей түшөсүң, мен ошентип жеңилдейм.

— 30 күн гана өзүн жакшы алып жүрүп, кайра арак ичип алгандар бар. Буга көз карашыңыз кандай?

—  Арак ичип, чылым чеккендер — убактылуу орозо кармагандар, убактылуу гана өзүн алдагандар деп ойлойм. Чын дити, дили менен Кудайга ишенген адам эч качан убактылуу өзүн алдабайт. Эрктүүлүк, жоопкерчилик менен аракка, тамекиге кандай көз каранды болсо, Алла Талаага андан да өтө берилип, ага көз каранды болушу керек. Ооба, азыр кары-жашы, аял-эркек дебей, аракка берилип, келечеги жок жашагандар бар. Ушундай көрүнүш мени аябай өкүндүрөт.

— Динге деле өтө берилип, аша чапкандар бар. Кудай дегендери менен оозуна алы келгис жаман сөздөр менен сөгүнүп жазган адамдар социалдык түйүндөрдө толуп кетти. Кыргыздын сөздөрүн арапча жазып, арапча сүйлөшөт. Жөнөкөй эле бир мисал келтирейин: “халал” дебей — адал десек, “харам” дебей — арам десек жеткиликтүү го. Өзүбүздүн эне тилибиз жоголуп бараткандай?.. Кыздарыбыз чүмкөнүп – кемпир, жаш жигиттер сапсайтып сакал өстүргөн – чал болуп алышууда…

— Ооба, эне тилибизди туура сүйлөбөй, туура жазбагандар, чынында менин да жиниме тийет. Ал эми дин жолуна түшкөндөр азыр окуганына, укканына жараша жазып, сүйлөп жатышат. Ислам динин жамынып, айрыкча, жаштар, эркектердин албырап-салбырап кийингени, кыздарыбыздын чүмкөнүп кийинип алганы мага да жакпайт.

— Тарбия-таалим ата-энеден го. Сиз балдарыңызга кандай тарбия берип келесиз?

— Бала кезден ата-энеден алган тарбияны балдарыма бергим келет. Улууну урматтоо, кичүүнү ызаттоо дегенди үйрөтөм. Бирок, замандын агымына жараша балдардын азыркы жашоого көз караштары такыр башка, сен каалаганга дал келбей калат. Замандын талабы ушундай болуп жатпайбы, интернетке көбүрөөк кирип, ага басым жасайбыз…

— Интернет адамдардын деңгээлин бузуп, ким кандай экенин көрсөтүп жатат. Саясатты билгени, билбегени деле жазып дегендей…

— Ооба, туура, азыр саясатты билип-билбей жазып, саясаттан такыр түшүнүгү жоктор деле аралашып жатканы арийне көп. Ар ким өз ордун билсе дейм. Туура эмес жазгандарды окуп алып уялам. Ар кайсы сайттан, социалдык түйүндөрдөн жазгандарын окуп жиним келет. “Бир ит көрүп үрөт, бир ит көрбөй үрөт” дегендей, бири көрүп жазса, бири угуп жазат экен. Ошондуктан мен көп сайттарга ишенбейм.

Маектешен Айгерим АЛТЫМЫШ кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.