Дастанбек ЖУМАБЕКОВ: “Орозо айт майрамы ар бир үйгө ырыс, кут алып келсин!”

Дастанбек ЖУМАБЕКОВ: “Орозо айт майрамы ар бир үйгө ырыс, кут алып келсин!”

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков кыргызстандыктарды, мекендештерди бүгүнкү Орозо айт майрамы менен куттуктады. Ал төмөндөгүдөй:

Урматтуу кыргызстандыктар!

Кымбаттуу мекендештер!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин атынан отуз күндүк Орозо айынан кийин келүүчү ыйык Айт майрамы менен чын дилимден куттуктайм!

Муктаждарга кайрымдуулук кылып, аларга жардам колун сунуу Орозо айындагы негизги эрежелердин бири. Тилекке каршы, Кыргызстанда жардамга муктаж жарандар аз эмес жана биздин максат аларга көмөк көрсөтүү болуп эсептелет. Отуз күндүк Орозодо жакшылыктар арбын жасалып, жаман ойлорго бөгөт коюлуусу тийиш. Анткени Орозо кечиримдүүлүк менен берекенин айы.

Биз бул айды жакшы тилек, жаркын үмүттөр менен күтөбүз. Таӊдан-кечке тамактануудан баш тартуу менен гана чектелбей, мусулмандар ыйык айда ыйманын жаӊылап, жан-дүйнөсүн аруулап алууга ашыгат. Ошонусу менен Орозо айт майрамы улуу!

Ардактуу кыргызстандыктар!

Мына ошол улуу Орозо айт майрамы ар бир үйгө ырыс, кут, өлкөбүзгө биримдик алып келсин! Жергебизде тынчтык болуп, Кыргызстаныбыз өнүгүп-өссүн! Дагы бир жолу майрамыңыздар менен!

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.