Өмүрбек ТЕКЕБАЕВ: “Орозо айт ар бир үй-бүлөгө жакшылык, кубаныч алып келсин!”

Өмүрбек ТЕКЕБАЕВ: “Орозо айт ар бир үй-бүлөгө жакшылык, кубаныч алып келсин!”

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев өзү абакта жатса да, жүрөгү кыргыз, Мекен деп согуп, ар бир майрамда кыргыз элин, мекендештерди куттуктап келет. Бу жолу да кыргызстандыктарды Ыйык Орозо айт майрамы менен куттуктады. Ал төмөндөгүдөй:

“Урматтуу кыргызстандыктар!
Кадырлуу мусулмандар!

Баарыңыздарды бүгүнкү ыйык Орозо айт майрамы менен чын дилимден куттуктайм!

Он эки айда бир келчү отуз күндүк Орозо айын жалпы мусулман коомчулугу, анын ичинде кыргыз эли да жакшы тилек, аруу үмүттөр менен күтөт. Ыйык айда ыйманын толтуруп, жан дүйнөсүн аруулатууга, руханий тазаланууга ашыгат. Кылымдап калыптанган ислам дининдеги мына ушул руханий дөөлөт адам баласын ар дайым алдыга жакшылыкка жетелеп, ыймандуулукка, кайраттуулукка, кең пейилдикке, адамдар ортосундагы кечиримдүүлүктү орнотууга чакырып турат.

Ал эми ыйык айдын аякташы менен белгиленчү мусулмандардын Орозо айт майрамы — өзгөчө улуу күндөрдүн бири. Бул күндөрү достук мамилелер менен туугандык алакаларды арттыруу ар бир адамга берилген башкы милдет катары каралат. Мына ушундай касиети менен Орозо айт майрамы ыйык болуп саналат!

Урматтуу мекендештерим! Ушул улуу күндө сиздер ниет кылган жакшы тилектердин бардыгы кабыл болсун! Орозо айт ар бир үй-бүлөгө жакшылык, кубаныч алып келсин! Жерибизге тынчтык, элибизге ынтымак жана биримдик берсин!

Айтыңыздар маарек болсун!”

Урматтуу кыргызтандыктар! Өмүрбек Чиркешовичтин куттуктоосу менен кошо “Алакан” сайтынын эмгек жамааты да сиздерди бүгүнкү Ыйык Орозо айт майрамыңыздар менен куттуктап, бардык жакшылыктарды каалайт!

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.