Сооронбай ЖЭЭНБЕКОВ: «Орозо айындагыдай кут төгүлүп, ырыс-береке толуп турсун!»

Сооронбай ЖЭЭНБЕКОВ: «Орозо айындагыдай кут төгүлүп, ырыс-береке толуп турсун!»

Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков мекендештерди бүгүнкү Орозо айт майрамы менен куттуктады. Ал төмөндөгүдөй:

«Урматтуу мекендештер!

Сиздерди руханий тазаланууну, тынчтыкты жана мээримдүүлүктү даңазалаган Орозо айт майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Орозо айт ар бир мусулман үчүн улуу күн. Бир ай бою жакшы ниеттер ишке ашырылып, соопчулук иштер жасалды.

Орозо айында береке жаап, муктаждарга садага берилип, таза тилек менен жасалган иштер арбын болду. Жандүйнөбүз арууланып, ак ниетибиз менен адал иштерди аткарып,  бири-бирибизге жакшылык тартуулаганга умтулдук.

Ардактуу мусулмандар!

Кармаган орозоңуздарды Жараткан кабыл кылсын! Бул айда жасаган жакшы иштерибиз коомубуздун ынтымагын бекемдесин!

Кыргыз жергесине дайыма ушул Орозо айындагыдай кут төгүлүп, ар бир үйдө бак-таалай, ырыс-береке толуп турсун!

Ар дайым мекенибиздин асманы ачык, элибизде ынтымак, биримдик жана молчулук болсун!

Кыргызстаныбыздын күн сайын алдыга карай өнүгүүсүнө  ар бирибиз салым кошолу!

Орозо айтыңыздар маарек болсун!»

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.