Аялды жутуп алган питон

Аялды жутуп алган питон

Бул тууралуу “РИА Новости” билдирди. Алардын билдирүүсүнө караганда, бул окуя Индонезиядагы Сулавеси аралында болгон. 8 метрлик питонтин ашказанын аялдын жансыз денеси табылган.

54 жаштагы Ва Тиба (Wa Tiba) аттуу жергиликтүү аймактын жашоочусу кечинде сыртка чыгып, үйүнө кайтпай калган. Анын үй-бүлөсү тынчсызданышат. Издөөгө Тибанын эжеси чыгып, ал жерден анын изин, бут кийимин, фонарын тапкан. Ал чочулап дароо жергиликтүү аймактын жашоочуларына жардам сурап кайрылган. Жапа тырмак издеген калың калк көп убакыт өтпөй чоң, үйлөнгөн сыяктуу питонду табышкан. Аны өлтүрүп, союшса, анын ичинен жоголгон аял табылган. Бул биринчи жолу эле эмес экен. Былтыр жети метрлик питон фермерди жутуп алыптыр.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.