Москвадан 8 адамды сүзүп кеткен кыргыздын тагдыры эмне болот? (ВИДЕО)

Москвадан 8 адамды сүзүп кеткен кыргыздын тагдыры эмне болот? (ВИДЕО)

Кечээ, 16-июнда, Москва шаарынын Ильинка көчөсүндө таксист жолдон чыгып, тротуардагы бир топ адамды сүзгөн видеосу таркаган. Ал Кыргызстандын жараны — 28 жаштагы Анарбек уулу Чыңгыз, кыргыз болуп чыккан. Анын тротурдагы адамдарды коюп кеткенин ВИДЕОдон көрүңүз!

Айыпталуучу Чыңгыз үч гана саат уктаган

Москва полициясы аны суракка алып, ага кылмыш ишин козгоду. Суракка алынуу учурун ВИДЕОдон көрүңүз!

МОСКВА: «Жол кырсыгына кабылгандардын абалы оор эмес»

Жол кырсыгына кабылгандардын баарынын абалы оор эместиги боюнча Москванын Саламаттыкты сактоо департаментинин басма сөз кызматы билдирди. Алардын маалыматына караганда, жабыркагандардын саны сегиз адам: жетөөнүн абалы канааттандырарлык, бир аял орточо оор абалда. Баары тең текшерип, медициналык жардам көрсөтүү үчүн ооруканага жаткырылган.

Биздин милиция эмне дейт?

“Москвада жол кырсыгына айыптуу деп шектелип жаткан Анарбек уулу Чыңгыз мурда кылмыш жообуна тартылган эмес жана издөөгө да алынган эмес” деп Жалал-Абад облустук милициясы “Азаттыкка” билдирген. Алардын айтымында, ал үй-бүлөлүү, эки кыздын атасы. Ал Аксы районунун Кош-Дөбө айылында туулган, 2003-жылы үй-бүлөсү менен Бишкекке көчүп кеткени, соңку кезде келинчеги менен Орусияда иштеп жатканы айтылган.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кыргызстандык айдоочунун иши боюнча тийешелүү иштер жүрүп жатканы боюнча “АКИпресске” билдиришкен.

“Чыңгыз Анарбек уулуна жардам”,- дейт мекендештер!

Надыр Мурас кырсыкка кабылып калган мекендешибизге жардам сурап, Фейсбуктагы баракчасына мындай деп жазды: “Кайрымдуу кыргыз калкым! Кечээ күнү жалпыбызга белгилүү Анарбек уулу Чынгыз деген таксист болуп иштеген жердешибиз кокустук болуп Москва шаарында бир канча адамды койдуруп кеткен. Бул атайын кылынбаган жана эки сутка иштеп уктап кеткендиги жалпыга маалым болду. “Кырсык каш кабактын ортосунда дейт, ар ким бул нерседен, орусча айтканда, не застрахован. Эртең бирибиздин башыбызга ушундай күн түшпөйт деп эч ким кепилдик бере албайт. Ошого көпчүлүк жердештерибиздин суроо талаптары боюнча ортого бир карта коюп, топтолгон акча менен юридикалык кызматтарга, кырсык болгондорго жардам кылсак деп чечтик. Асел Лабаева. 4276380052214405».

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.