Экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев камакка алынды. Эмки кезек кимде?

Экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев камакка алынды. Эмки кезек кимде?

Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирүү таратты. Алардын айтымында, ЖЭБ модернизациялоодогу коррупция фактысы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 30-беренесинин 6-бөлүгүндө (“Кылмышка шериктеш болуу”) жана 303-беренесинин 1-бөлүгүндө (“Коррупция”) каралган кылмышка шектүү катары мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев кармалган. Учурда ал УКМКнын тергөө изоляторунун убактылуу кармоочу жайында, тергөө жүрүүдө.

Эскерте кетсек, жыл башында Бишкекте катуу суук болуп, ЖЭБ аварияга кабылып, жашоочуларга бир жума бою жылуулук берилбей, эл үшүгөн. Мындай кырдаал калктын кыжырын келтирген. Ушундай көйгөйлүү маселеден улам, ЖЭБди оңдоого Кытай берген 386 миллион доллардын максаттуу пайдаланбаганы күмөн жаратып, суроо туулган. Ири сумманы иликтөө үчүн атайын депутаттык комиссия түзүлүп, иликтеп, ага “тиешеси бар” деп 30дай адамдын атын жарыяланган. Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренеси («Коррупция») менен иш козгоп, УКМК тергөө баштаган. УКМКнын тергөөсүнүн алкагында үч адам: Сапар Исаков, Кубанычбек Кулматов, Осмонбек Артыкбаев кармалып, камакка алынган. Кечээ Жантөрө Сатыбалдиев кармалганы маалым болду. Экс-премьер-министрлерден Жоомарт Оторбаев менен Темир Сариевдин да аты аталган. Т.Сариев буга чейин сурак берип чыккан. Дагы чакырылышы күтүлүүдө…

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.