Атамбаевдин жанында азыр ким калганын КСДП маалымдады

Атамбаевдин жанында азыр ким калганын КСДП маалымдады

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жанында азыр Фарид Ниязовдон башка киши калбай калганы айтылып, жазылып келет. “Атамбаевдин ишенген жетекчи кадрлары азыр кайда?” деген собол менен КСДПнын басма сөз катчысы Кундуз Жолдубаевага “Азаттык” кайрылса, ал: “Индира Жолдубаевадан башкасынын баары Алмаз Шаршенович менен байланышка чыгып турат. Ошол эле Сегизбаев, Илмиянов Атамбаев менен такай байланышта. Икрамжан Илмиянов умрадан келди, азыр Кыргызстанда. Ал эми Алмаз Үсөнов саясаттан чарчаганын айтып, бизнеске кетти. Азыр ал ишкерлик менен алек болууну чечти”,-деп жооп бериптир.

Буга чейин И.Илмияновдун бул жакта эместиги айтылган. КСДП айтып жаткан соң, алардын маалыматына ишенелиби?

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.