Депутат Руслан Казакбаев Google-салык киргизүүнү сунуштады

Депутат Руслан Казакбаев Google-салык киргизүүнү сунуштады

«Республика — Ата Журт» фракциясынын депутаты Руслан Казакбаев Интернетте кызмат көрсөткөн Фейсбук, Гугл жана Инстаграм сыяктуу ири IT компанияларга салык салуу демилгесин көтөрдү. Бул тууралуу ал бүгүн Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында билдирди.

— 2017-жылдын 1-январынан баштап Орусияда «Google-салык» киргизилген. Бул салык чет элдик уюмдар Интернет аркылуу электрондук формада кызмат көрсөтүүдө НДС төлөөнүн атайын тартиби. Көптөгөн фирмалар азыркы учурда өз продукциясын жана жарнамасын Фейсбук, Инстаграм, Твиттер, Гугл жана башка сайттарда жарыялаш үчүн миңдеген долларларды короторун бардыгыбыз билебиз. Мисалы ар бир университет айына Интернеттеги жарнамасы үчүн 500 АКШ долларын коротот. Эгер бир эле университет ушунча коротсо, мындай жарнама үчүн коммерциялык компаниялар канча акча төлөп жатканын өзүңүздөр билсеңиздер керек. Эксперттердин айтымында, биз интернет компаниялардын салыгынан 500 миллиондон 1 миллиард сомго чейин салыкты жоготуп жатабыз.

Руслан Казакбаев компаниялар акчаны банк аркылуу түздөн түз эл аралык компанияларга которорун айтып, Кыргызстан да Орусиянын тажрыйбасын ишке ашырышы керектигин билдирди. Анын айтымында биринчи үч айлыкта эле Орусиянын бюджетине салыктын жаңы түрүнөн 2 миллиард рубль түшкөн.

Орусиянын аймагында Интернет аркылуу электрондук кызмат көрсөткөн «Google», «Apple», «Microsoft», «Facebook», «eBay», «Aliexpress», «Yahoo», «Bing» сыяктуу чет элдик компаниялардан кошумча нарк салыгы алынат.

Буга чейин Орусияны мисал кылып Тажикстандын Салык комитети да өз өкмөтүнө Интернет компаниялардан салык алууну сунуштаган.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.