Көп аял алууга тыюу салуу документине президент кол койду

Көп аял алууга тыюу салуу документине президент кол койду

Кийинки күндөрү көп аял алуу маселеси мусулман өлкөлөрүндө көтөрүлүп, ага каршы болгондордун саны арбын. Түркмөнстанда да бул көйгөй көтөрүлүп, ал оозеки эмес, кагаз жүзүндө, мыйзам чегинде чечилди. Көп аял алууга расмий түрдө тыюу салынды. Тагырагы, Түркмөнстандын үй-бүлө кодексине көп аял алууга тыюу салган нормалар киргизилип, документе президент Гурбангулы Бердымухамедов кол койду.

19-июнда жарыяланган мыйзамдын текстинде «Түркмөнстанда көп аял алууга тыюу салынат», «көп аял алуу — бул жалпы чарба жүргүзүп, эки же андан көп аял менен чогуу жашоо» деп жазылган. Тыюу быйыл 1-сентябрдан тарта күчүнө кирет.

А биздечи?..

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.