Жакында мунапыс менен Өмүрбек Текебаев эркиндикке чыгабы?

Жакында мунапыс менен Өмүрбек Текебаев эркиндикке чыгабы?

Адам укуктарынын жалпы декларациясынын 70 жылдыгынын урматына жана 1938-жылы болгон саясий репрессиянын курмандыктарынын элесине карата камакта отургандарга мунапыс берүү боюнча Жогорку Кеңештин депутаттары демилге көтөрүп, сунуш кылышууда. Алдын ала маалыматтарга караганда, өспүрүмдөргө, биринчи жолу соттолуп 5 жылга чейин эркинен ажыратылгандарга, 60 жаштан жогорку эркектерге, жашы 55тен жогору аялдарга, 1-2-топтогу майыптарга, үй-бүлөсүн жалгыз баккандарга, экиден кем эмес жашы жете элек балдары же майып балдары барларга мунапыс берүү сунушталууда. Сунушталып жаткан мунапыска 4 миң 172 киши илинип, алардын 285и эркиндикке чыгышы мүмкүн. Булардын ичинде: Өмүрбек Текебаев, Дүйшөн Чотонов, Канат Исаев, Садыр Жапаровдор бар дешүүдө.

Жазаларды аткаруу кызматынын маалыматына караганда, учурда түзөтүү колонияларында 11160 киши отурат, 9285и соттолуп, 1875и тергөөгө алынгандар.

Мунапыс менен чыгууга Текебаев өзү каршы

Эмнеге экенин бул ШИЛТЕМЕден окуңуз!

Текебаевдин жактоочулары кечээ сотко кайрылышкан

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин адвокаттары Башкы прокуратуранын чечимине каршы Бишкектин Октябрь райондук сотуна арыз жазышканын кечээ, 20-июнда, адвокат Таалайгүл Токтакунова билдирүү тараткан. Ал: «Эгер сот жокко чыгарса, «кетирген кемчиликтерди жоюу» деп берилет. Анда жаңы ачылган жагдайлар менен иш өндүрүшүн козгош керек. Эгер биздин арыз канааттандырылбаса шаардык, Жогорку сотко кайрылабыз»,-деген.

Эскерте кетсек, буга чейин Башкы прокуратурага Өмүрбек Текебаевдин жактоочулары жаңы ачылган 5 жагдай менен кайра карап чыгууга арыз жазышкан. Ал боюнча алар «көрсөтүлгөн жагдайлар соттун жүрүшүндө каралган» деп ишти кайра кароодон баш тартып коюшкан эле.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.