Акыйкатчы абактагы 4 саясатчыга жолукканда, Осмон Артыкбаев үй камагына чыгууну суранган

Акыйкатчы абактагы 4 саясатчыга жолукканда, Осмон Артыкбаев үй камагына чыгууну суранган

Бул тууралуу Акыйкатчынын аппаратынын басма сөз кызматы билдирди. Алардын айтымында, бүгүн Акыйкатчы Кубат Оторбаев, Кыйноонун алдын алуу боюнча улуттук борбордун жетекчиси Нурдин Сулайманов, ЖКнын бир топ депутаттары УКМК тергөө абагында отурган: Канатбек Исаев, Осмонбек Артыкбаев, Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков жана Жалал-Абад шаарынын мурунку мэри Салайдин Авазов менен жолугуп чыгышкан. Сапар Исаковдон (ал жакында эле аялы менен жолуккан. Ага аялы суранган китептерин алып барып берген – авт.) башкасы аларга өтүнүч, суранычтарын айткан. О.Артыкбаев ден соолугуна (бүгүн эртең менен анын адвокаты Айжан Орозакунова тез арада ооруканага жаткырылышы керектигин, депутатка УКМКга эки жолу тез жардам чакырылганын айткан — авт.) байланыштуу бөгөт чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарып берүүнү өтүнсө, Авазов үй-бүлөсү менен жолугууну суранган. Ал эми Ж.Сатыбалдиев адвокаттарга жолугушуу зарыл экенин баса белгилеген.

Эскерте кетсек, абактагы саясатчылар Бишкек ЖЭБ чырына байланыштуу айыпталып, камалып отурушат. Быйыл кышында ЖЭБде авария болуп, катуу суукта жашоочуларга 5 күн жылуулук берилбей, эл үшүгөн. Ошондо Кытай берген 386 миллион доллардын максаттуу сарпталбаганы боюнча күмөн жаралып, суроо туулган. Ал боюнча чоң чыр чыгып, Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренеси («Коррупция») менен иш козгоп, УКМК тергөө баштаган. Бул фактыларга байланыштуу бир нече саясатчылар камакка алынган.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.