Коррупционерлерден түшкөн каражаттар үчүн эсеп ачылууда…    

Коррупционерлерден түшкөн каражаттар үчүн эсеп ачылууда…    

Коррупцияга каршы күрөштүн жүрүшүндө түшкөн акчалай каражаттарды топтоо үчүн Бирдиктүү депозиттик эсеп ачуу жөнүндө токтомго бүгүн премьер-министр М.Абылгазиев кол койгону тууралуу Өкмөт Аппаратынын басма сөз кызматы билдирди. Алардын айтымында, эсеп казналык тутумда акчалай каражаттарды эсепке алуу жана топтоо үчүн ачылат. Жаңы процедурага жараша, мамлекетке келтирилген зыянды кайтаруудан түшкөн каражаттар атайы эсепте топтолуп, Өкмөттүн чечиминин негизинде гана бөлүштүрүлөт.

Эскерте кетсек, мындай эсепти ачууну тийиштүү органдарга президент С.Жээнбеков16 -майда тапшырып, андан кийин Башкы прокуратуранын, УКМКнын, ИИМдин, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын жана Улуттук банктын жетекчилери чогулуп, кеңешме өткөргөн. Ошонун негизинде Финансы министрлиги атайын эсепти ачуу боюнча токтомду даярдап, өкмөткө жөнөткөн.

Бул биринчиси. Экинчи эсеп ачуу – элден…

М.Абылгазиев менен депутат К.Жолдошбаевдин экинчи эсеп боюнча ачуу элден деген сөздөрүн бу ШИЛТЕМЕден окуңуздар!

Жолдошбаев сөзүнө туруп, эсепке 10 миллион сом которсун!

«Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Камчыбек Жолдошбаев мамлекетке 10 миллион сомго чейин акча которууга даярдыгын “Азия-Ньюс” гезитине берген маегинде билдирген. Анда ал: «Иш алды кылып миллион сом берем. Бул да чек эмес. Демилгем колдоо таап кетсе, бул сумманы 10 эсе көтөрүп, он миллион сом берип коем. Мекеним үчүн жаным курман! Кытайларга элибизди, жерибизди бергиче, акчасын беришибиз керек! Бул ишке президент, Жогорку Кеңеш, премьер-министр киришүүсү ажеп»,-деген. Анын айтканын болгон кыргыз-орус сайттары жазып чыгып, элге маалым болду. Социалдык түйүндөгүлөр: “Эми эркек болсо, сөзүнө туруп которсун!”,-деп жазышты. Бул кашкайган чындык, сөз менен эмес, иш жүзүндө өзүн көрсөтсүн!

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.