Шаардык сот Артыкбаевдин ишин карап, камакта калтырды

Шаардык сот Артыкбаевдин ишин карап, камакта калтырды

Бүгүн Бишкек шаардык соту депутат Осмонбек Артыкбаевдин бөгөт чарасын карап, Биринчи май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды. Ошентип, депутат тергөө бүткүчө камакта калды. Буга чейин анын адвокаты ден соолугуна байланыштуу бөгөт чарасын өзгөртүүнү өтүнүп, Бишкек шаардык сотуна кайрылган. Эртең менен адвокат депутаттын ден соолугу начарлап, эки жолу УКМКга тез жардам чакырылганын, тезинен дарылануу керектигин билдирген. Ал эми өзү болсо, бүгүн ага барган акыйкатчы Кубат Оторбаевге ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгууну суранган.

Эскерте кетсек, Башкы прокуратура Осмонбек Артыкбаевге карата “Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо” долбоорун ишке ашыруудагы коррупция боюнча кылмыш ишин 5-майда козгогон. Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин биринчи бөлүмү («Коррупция») менен козголгон кылмыш ишине шектүү катары УКМКнын тергөө абагына 6-июнда камалган.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.