Доктурбай КОЖОГУЛОВ, Атамбаевдин айылдашы: “Атамбаевди жансакчылары курчап алып, жанына жолотушпайт”

Доктурбай КОЖОГУЛОВ, Атамбаевдин айылдашы: “Атамбаевди жансакчылары курчап алып, жанына жолотушпайт”

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин айылдашы Кожогулов Доктурбай атадан “Жаңы Ордо” гезити дайыма интервью алып, чыгарып келет. Май айында А.Атамбаевдин ата-теги, айылдаштарынын азыркы учурда экс-президентке болгон мамилеси боюнча маек куруп берген. Бу жолу болсо өзү жөнүндө айтып бериптир. Ал маек эч өзгөртүүсүз берилди.

— Доктурбай ава, өткөндө: “Атамбаевге азыр жолуксам, кыргызды канча карыз кылсаң, ошонун баарын төлөгүн!”,- деп бетине айтамын”,- дедиңиз эле. Алмазбек иниңиз Орозо Айт күнү Арашандагы мечитке келип, намазга жыгылды. Сиз да намазга бардыңыз. Жолугуп, айтчу сөзүңүздү айта албадыңызбы? 

Мен да Айт намазын окуганы мечитке бардым. Алмаз Атамбаев келгени ырас. Тегерегине жансакчыларын курчап алыптыр. Алары башка адамды жанына жакын жолотушпайт да. Бирок, Алмаз мурункусундай эмес. Намаз окулуп бүтөрү менен эл тарап кетти. Ага көпчүлүк көңүл деле бургандай болгон жок. Мен дагы анын жанына барып, Ыйык күнү маанайымды түшүргүм да келбеди. Жанына барсам айтчу сөздөр толтура да.

Сиз мага маек бергениңизден кийин айылыңызда: “Сизге 2 млн доллар акча бериптир, ошол үчүн баарын айтып берген турбайсызбы?,- деген сөздү таратып жатканы чындыкпы? 

— Ооба, айылда: “Сизге Атамбаев тууралуу болгон чындыкты айтып бергениңиз үчүн 2 млн доллар акча берип кетишкен турбайбы. Качан бөлүшөсүз?”,- дегендер болду. Аларга: “Менин дагы Атамбаев жана анын тегерегиндеги адамдардай болуп курсагым чыксын. Андан кийин силер менен бөлүшөм. Азыр курсагым чыга элек. Мен аларга окшоп өзүм эле жеп албайм”,- деп жообун берип жатам. Атамбаевге жан үрөгөндөр ошондой сөздөрдү чыгарып жатса керек. Мен Атамбаев эмес, доллар берсе эле сатылчудай.

«Азыр Атамбаевди айылдаштары карабайт»

А.Атамбаевдин ата-теги боюнча аксакалдын айтып бергенин бу жердеги ШИЛТЕМЕден окуңуз!

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.