Акыйкатчыны кызматтан КСДП кетирдиби?

Акыйкатчыны кызматтан КСДП кетирдиби?

Кубат Оторбаевди акыйкатчы кылып (2015-жылы 30-декабрда) Жогорку Кеңеш шайлаган. Мыйзам боюнча, акыйкатчыны Жогорку Кеңеш шайлайт жана парламентте жылдык баяндамасы «канааттандырарлык эмес» деп табылса, мөөнөтүнөн мурда кызматынан кетет. Буга чейин парламентте К.Оторбаев 2017-жылга отчет берген, аны жактырбоо жөнүндө сунуш айтылган эле. Эки жылдан бери КСДП фракциясы Кубат Оторбаевди кызматтан алууга аракет жасап, ага ишеним көрсөтпөй келет. Ошондон уламбы, “КСДП эле кетирип койду” деген сөздөр кетти. Бирок, акыйкатчы кызматтан өзү кетип жатканын кайрылууда билдирген жана 2,5 жыл ичинде адам укуктарын коргоо жаатында аткарылган иштерин тизмектеген. “Акыйкатчы катары ыйгарым укуктарымды токтотууну чечтим. Ар бир адамдын, анын ичинде мамлекеттик кызматкердин турмушунда анын билими менен иш билгилиги башка жаатта, башка жерлерге керек болгон учур келет, ал чөйрөлөрдө адам мамлекетке жана коомго көбүрөөк салымын кошушу ыктымал. Мындай учур мага да келди. Бул алдын-ала жакшылап ойлонулган чечим, ал өз ыктыярым менен кабыл алынды”, — деген Кубат Оторбаев кайрылуусунда.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.