Кандай адам президент, депутат боло алаарын Шайлдабекова айтты

Кандай адам президент, депутат боло алаарын Шайлдабекова айтты

2020-жылы парламенттик шайлоо болот. Ошого карата шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизүү боюнча БШКда иш жүрүүдө. БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын айтымында, парламент 2019-жылдын акырына чейин шайлоо мыйзамдарына карата өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө толук топтомдорду кабыл алуусу зарыл жана шайлоо мыйзамдарын жакшыртуу стратегиясын толуктоолор Шайлоо кодексине киргизилиши керек. Андан тышкары, төрайым кимдер президенттикке жана депутаттыкка талапкер боло албастыгы тууралуу айтты. Анын айтымында, президенттикке жана Жогорку Кеңешке депутат болуу үчүн талапкер оор кылмыш боюнча соттолгон жаран болбошу керек! Соттолуп чыккан жаран 15 жыл өткөнчө шайлоодо ат салыша албайт, ага тыюу салынат.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.