“Кулаган учакта Кыргызстандын жүгү жок”,- дейт Калилов. Текебаев менен журналисттердин иликтөөсүндө башкача эле… (ВИДЕО)

“Кулаган учакта Кыргызстандын жүгү жок”,- дейт Калилов. Текебаев менен журналисттердин иликтөөсүндө башкача эле… (ВИДЕО)

Парламенттин Эл аралык авиация комитети бүгүн жыйын өткөрдү. Алар кыргыз өкмөтүнүн ортосундагы авиакырсыктардын алдын-алуу жана аларды чогуу иликтөө тууралуу келишимди талкуулашты.

Бул жыйында былтыр январь айында “Манас” аэропортунун жанында кулаган “Боинг” учагында Кыргызстандын жарандарынын жүгү жөнүндө суроо, жооп болду. Тагырагы, Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов жооп берди. Анын айтымында, кулаган учакта Кыргызстандын жарандарынын жүгү болбоптур, учак кулаганда ташылып келаткан жүк күйүп кетиптир. Ал эми учкучтар отурган кабинетте табылган документтер боюнча, ал: “Украина, Израил, Испания сыяктуу өлкөлөргө таандык жүк ташылып келе жаткан”,-дейт.

Кандуу жүктүн ээси алигүнчө айтылбай, табылбай келет. Өтө табышмактуу…

Жүктөрдүн арасынан кыргыз тилинде жазылган кагаздар табылган эле…

Азыркыга чейин табышмактуу болуп, суроо жаратып келаткан кандуу жүк боюнча журналисттер иликтөө жүргүзгөн. Анын ээсин андагы депутат Өмүрбек Текебаев айтмак. Тилекке каршы, ага жеткирбей, иш сапарынан келатканда камакка алышты…

Эскерте кетсек, былтыр, 16-январда, түркиялык «Боинг-747-400» жүк учагы Бишкектин четиндеги Дача-СУ айылына кулап, анда жашаган 39 тургун, 4 учкуч каза болуп, бир топ турак жай кыйраган. Андагы маалыматтарга караганда, азыркыга чейин эле: “Гонконг–Бишкек-Стамбул багытында бараткан учакта 85 тоннадан ашык жүк болгон жана ал Бишкекке май куюш үчүн конгон”,-деп айтылып келет. Ошол учурда “Азаттык” радиосунун мыкты журналисттери: Улан Эгизбаев менен Самат Жумакадыров иликтеп чыкканда, учактагы жүктөрдүн арасынан кыргыз тилиндеги жазылган кагаздарды өз көзүбүз менен көгүлтүр экрандан көрдүк эле. Иликтөөнү ВИДЕОдон көрүңүз!

Өмүрбек ТЕКЕБАЕВ: “Учак заправкага эле токтогон деп жашырып жатышат”

Бул кандуу, көйгөйлүү маселени андагы депутат Өмүрбек Текебаев парламентте көтөрүп чыгып, андагы Өкмөт баш, калганы төш болуп жашырып жатканы боюнча ачуу чындыкты айткан болчу. Аны ВИДЕОдон көрүңүз!

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.