Орусияда күркөдө келинди өрттөп жиберген адам —  маркумдун күйөөсү болуп чыкты

Орусияда күркөдө келинди өрттөп жиберген адам —  маркумдун күйөөсү болуп чыкты

Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги билдирди. Алардын маалыматына караганда, Ленинград облусунда өрттөн каза болгон кыргызстандык келиндин өлүмү боюнча анын 34 жаштагы күйөөсү кармалган. Учурда бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат. Бөгөт чарасы эртең, 27-июнда аныкталат.

Маркумдун сөөгү эртең Кыргызстанга келет

Каза болгон келиндин сөөгү 27-июнда Кыргызстанга жөнөтүлөт. Маалыматтар боюнча, маркум 27 жаштагы Ысык-Көл облусунун тургуну болгон. Үч жаштагы жана жети айлык эки баласы бар келин үй-бүлөсү менен Орусияда эмгектенип жүргөн. Жолдошу 34 жаштагы Кыргызстандын жараны.

Өрттөн жабыркаган жигит ооруканада

Эскерте кетсек, окуя Ленинград облусунда болгон. Шлиссельбург шаарынын аймагында 24-июнга караган түнү өрттөнгөн соода күркөлөрүнүн биринен кыргызстандык келиндин күйгөн сөөгү табылган. Ошол өрттөн аман калып, оор жаракат алган 19 жаштагы кыргызстандык жигит учурда Шлиссельбург шаарындагы оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатат. Ал аларды түн ичинде белгисиз бирөөлөр бензин чачып өрттөп кетишкенин айтып берген.

Өрттүн эртеси ал жактагы туугандардын айтымында…

Фейсбук колдонуучу Айпери Байдиева буларды жазган: “Урматтуу мекендештер! Кечээ, 24-июнь күнү, саат 2:30дар чамасында, Ленинград облусунда мекендешибиз иш жеринде павильонун ичинде күйүп кеткен. Алдын ала маалыматтарга таянсак, Ысык-Көл облусунун Барскоондогу бир туугандар болгон жана ошол жерде Гүлмейиз эжеке каза болуп, 19 жаштагы иниси Элнус больницага жеткирилген. Учурда реанимацияда. Ал эми шектүү деп Гүлмейиз эжекенин жолдошу Эрмат мырза 48 саатка убактылуу кармоочу жайга кирди”.

Ал эми ошол жерди сүрөткө тартып, сүйлөгөн жигитти ВИДЕОдон көрүңүз!

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.