Султан РАЕВ: «Мухамбет Пайгамбарыбыз төрөлгөн күнү Дүйшөн байке жерге берилди…»

Султан РАЕВ: «Мухамбет Пайгамбарыбыз төрөлгөн күнү Дүйшөн байке жерге берилди…»
Сүрөт: «Азаттыктан» алынды

Эсен болуп, эстей жүр!

«Мен — Тянь-Шань» аттуу кинодогу Илиястын образы менен таанылып, ошол элеси менен жаш бойдон элдин эсинде сакталып калган 69 жаштагы Кыргыз эл артисти Дүйшөн Байдөбөтовдун сөөгү бүгүн (9-июлда) туулуп-өскөн Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Үч-Эмчек айылында жерге берилди. Маркум менен коштошуу зыйнатына президенттик аппараттын, Маданият, туризм жана маалымат министрлигинин жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, депутаттар, чыгармачыл адамдар катышты. Президент Сооронбай Жээнбеков маркумдун үй-бүлөсүнө 100 миң сом бөлүп берди. Сүйүктүү актерубуз узакка созулган оорудан улам 7-июлда дүйнө салган. Ал үч жыл мурда инсульт алып, дарыланып жүргөн.  Чыгармачыл адамдар агабызды жоктоп, үзүлгөн күндөн тарта социалдык түйүндөргө эскерүү жазып жатышат. Алардын бири — Кыргыз Эл жазуучусу Султан Раев. Ал «Каркыралар кайда учасыңар» аттуу эскерүүсүн Фейсбуктагы өзүнүн баракчасына жазган.

 “Каркыралар кайда учасыңар?”

-Бул суук кабар эртең менен келди. Дүйшөн Байдөбөтов о дүйнө салып кетиптир. Уктум. Дене боюму аптаптуу күндүн ызгардуу суугу аралап кеткен абалда калдым. Кайран киши…кайран киши… Дүкөмдүн аалам баткан жүрөгүнө дүк-дүк соккон дабыш батпай, өмүрдүн не бир ирмеми батпай, жашоонун илеби батпай… согушун токтотту… Эстедим. Эсиме Дүкөмүн мукамдуу созгон каркыралары, бир кырка тизилип учуп бараткан каркыралары келди. Ошол каркыралардын сабына Дүкөмдүн жаны кошулду. Бул каркыралар түбөлүктүүлүктүн, түпсүз дүйнөнүн, актыгы үзүлбөгөн акыреттин, жалгандан чындыктын ааламына, азиреттин ааламына учуп баратты…
Уккан адамдын. Эстеген адамдын. Көкүрөгүндө Дүкөмдүн элеси орун алган адамдар… жашоонун ирмемин артка буруп… а киши жөнүндөгү миллион элестин, кайкып учкан каркырадай болгон, көзгө илинип, илинбеген элесин эстеп… көкүрөктөн эскерүүнүн көк түтүнүн чыгарып алсак керек. Дүкөмдү эң оболу адам катары эстедим. Ак көңүл. Дүйнөсүндө акшактын кыпынындай кири жок. Пакиза. Адамдыгын эстедим. Дүкөм алдынан чыккан балага да, периштедей болгон секелек кызга да, кексе абышкага да, айтор, адам аттуунун баарына мээрим төгүп, алардын баарына жандүйнөсүнөн орун берип…ар биринин акыбалын, ар биринин саламаттыгын сурап чыгар эле. Жүрөгү тоодой бийик, тоо гүлүндөй назик. Эч бир адамга кара санабаган. Эч бир адамга жаман сүйлөбөгөн. Адам нуру жүзүндө чайылып турган өзгөчө бир жан эле. Жан эле… Өкүндүрөт ушул сөз. Өкүнгөнүбүз ошол өтмүштүн колуна берип жатканыбызда. Жакшы адамдын өмүрү кыска. Кыскасы, жакшынын жашоосу… чындыкта уланат…
Көкүрөк туюмубуздагы… каркыралар узун сап болуп учуп барат… Бул ырды бир кездерде кайра жаралгыс — зор талант Мукамбет Токтобаев чыгарган эле…Ал азыр ошо каркыра саптын башында. Бүгүн ошол каркыралардын сабына Дүкө сиз кошулдуңуз…
Каркыралар кайда учасыңар?..
…кайда учасыңар?..
Бул суроо жүрөктөгү обондой созулуп турат. Ал обонду ар бир жүрөккө сиз салып кеттиңиз, Дүкө…
Кайда учасыңар, каркыралар?..

Айтмакчы, Дүйшөн байке Дүйшөмбүдө төрөлүп, Дүйшөмбүдө жерге берилди.
Дүйшөмбү… Ушул күнү Мухамбет Пайгамбарыбыз төрөлгөн…
Ыйык Күн ыйык адамдарга гана багышталат.
…бирөө келет… бирөө кетет…
Келмеги бар, кетмеги бар бу дүйнө..
Адам өмүрү ушу эки сөздүн ортосунда жашайт…

Актердун артында бир уул, бир кызы, алты небере, бир чөбөрөсү калды. Маркумдун жубайына, балдарына, бир туугандарына терең кайгыруу менен “Алакан” сайтынын эмгек жамааты көңүл айтып, азасын тең бөлүшөт.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.