17 күн үңкүрдөгү сууда калгандар куткарылды (ВИДЕО)

17 күн үңкүрдөгү сууда калгандар куткарылды (ВИДЕО)

Таиланддагы 11-16 жаш курактагы 12 өспүрүм машыктыруучусу менен кошо үңкүрдө 23-июнда калган. Алар нөшөрлөгөн жамгырдан корголонуп үңкүргө киришип, ал жерге суу толуп калганына байланыштуу кайра чыгалбай калышкан. Мындай кабарды уккан Таиланддын куткаруучулары ал жерге барып, алгач 8 баланы куткарышкан. Куткаруу операциясын жүргүзүп жаткан Аскер-деңиз күчтөрү бүгүн үңкүрдөн акыркы төрт баланы жана алардын машыктыруучусун аман-эсен алып чыгышканы маалым болду.

17 күн үңкүрдө калгандарды куткаруу үчүн он өлкөдөн миңдей киши катышкан. Операциянын жүрүшүндө куткаруучулардын бири — армиянын суучулу Саман Гунан каза болуп, ал «Баатыр» деп аталды. Себеби, ал балдардын бирине кислород балонун берип, аман алып чыгып, өзүнө аба жетпей эсин жоготуп кете берген. Самандын атасы, аялы ВИДЕОдо мындай деп эскеришет.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.