“Атамбаевсиз КСДП” дегендерге дароо Жолдубаева жооп берди

“Атамбаевсиз КСДП” дегендерге дароо Жолдубаева жооп берди

Бүгүн, 10-июлда, Москва районундагы КСДПнын айрым мүчөлөрү Беловодски айылында кезексиз жыйынга чогулуп, жыйынды «Атамбаевсиз КСДП» деп аташты. Алар азыркы партия лидери, экс-президент Атамбаевдин ишин сынга алып, “партияны өз кызыкчылыгына колдонду” деп айыптап, аны партиянын жетекчилигенен кетирүү демилгесин көтөрүштү. Андан тышкары, алар “партиядан коррупционерлердин, акчалуулардын чыгып кетишин” жана “партияда көп жылдан бери чуркап жүргөн мүчөлөрүн бийликке алып келүүнү” талап кылышты.

КСДП штабынын жообу

Бул жыйын боюнча КСДПнын штабы, партиянын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева дароо жооп кайтарды. Анын айтымында, Беловодски айылында чогулгандардын ичинде КСДПнын мүчөлөрү 15 кишиге жетпейт, калганы массаны көбөйтүү үчүн гана чогулган. “Бийликке жагыныш үчүн Атамбаевди эмес, өз энесин да сатып кете турган адамдар жок эмес. КСДПга да ошондой бийлик жана кызмат үчүн келгендер бар”,-дейт К.Жолдубаева.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.