Конгантиевдин артында Жээнбеков турабы? (ВИДЕО)

Конгантиевдин артында Жээнбеков турабы? (ВИДЕО)

Мурунку башкы прокурор Азимбек Бекназаров бүгүн журналисттерге жыйын өткөрүп, Апрель окуясына кимдер күнөөлүү экенин эске салды.  Ал Бакиев бийлигинде ИИМ министри болгон Молдомуса Конгантиевдин Апрель окуясына күнөөсү бар экендигин баса белгиледи. “Конгантиев сот аркылуу гана күнөөлүү же күнөөсү жок деп табылышы керек. Болбосо ишинин кыскарганына коомчулук макул болбойт. Саясат болуп кетет. «Мунун артында Сооронбай Жээнбеков турат» деген сөздөр башталат”,-дейт.

Калганын ВИДЕОдон көрүп, угуңуздар!

Конгантиевдин иши сотко жетпей жабылган

Эскерте кетсек, жакында эле 2010-жылдагы Апрель окуяларына байланыштуу М. Конгантиевдин иши сотко жетпей жабылып, ал ак болуп чыккан. Тагырагы, “Конгантиевге карата коюлган айып негизсиз, кылмыш курамы жок” деген өтүнүчү менен Конгантиевдин адвокаты тергөө жүргүзүп жаткан УКМКга кайрылып, алар аны канааттандырып, ушул жылдын 18-июнунда ишин жапкан. Ошондон улам, “Сотко жетпей бүткөн иштин артында ким турат болду экен?” деген суроо туулуп, Жээнбеков менен Конгантиевдин кол кармашып түшкөн сүрөтү социалдык түйүндөргө тарап, кызуу талкуу жаратып, сөз болууда. Аттиң, бул бийлик деле жыргатпай калды го…

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.