Роза ОТУНБАЕВА: “Конгантиев Бакиевдин командасында болуп, анын кланына кызмат кылган”

Роза ОТУНБАЕВА: “Конгантиев Бакиевдин командасында болуп, анын кланына кызмат кылган”

Кечээ, 10-июлда, мурунку башкы прокурор, белгилүү саясатчы Азимбек Бекназаров 2010-жылдагы Апрель окуясы боюнча журналисттерге жыйын өткөргөн. Анда М. Конгантиевдин ишинин сотко жетпей жабылышы боюнча нааразы болуп айткан. Анын айткандарынын толугун бу ШИЛТЕМЕден окусаңыз болот.

Бүгүн болсо экс-президент Роза Отунбаева К.Бакиевдин бийлиги учурунда ИИМ министри болгон М.Конгантиев боюнча оюн айтты.

-Конгантиевдин кылмыш ишинин кыскартылышы 2010-жылы апрель айында Таласта болгон окуяны иликтөөгө түртөт. Конгантиевдин ишин жапкандар артык кылам деп тыртык кылды. Канча жыл өтсө да Таластагы 2010-жылы апрель айында болгон окуянын себебин баарыбыз билишибиз керек. Ошол кездеги окуялар түрдүү документтерде бекитилгени шексиз, бул суроолор ошол тарыхый окуяларды эскерүүдө көтөрүлгөн. Биздин Революциялар тууралуу айтып жатып “жаманды унуткан жакшы, болгон нерсе тарыхта калсын жана кайталанбасын” деп жашаган болбойт. Кайталанышы мүмкүн, анткени окуя иликтенген эмес жана сабак алынган жок!

“Бакиевдин режиминин планы оппозицияны жок кылуу болчу”

-Парламенттин 4-чакырылышындагы оппозициялык фракциянын лидери катары менде 2010-жылдын 7-апрель окуясына жеткирген саясий окуялар эсимде. Ошол жылдарды эстегенде Геннадий Павлюктун өлтүрүлүшү, активист Сыргак Абдылдаевдин ур-токмокко алынышы, Медет Садыркуловдун өлтүрүлүшү, генерал Исмаил Исаковдун камалышы, журналисттердин чет өлкөлөргө качышы эске түшөт. Президенттик администрациясы менен “Ак Жол” партиясынын атадан балага бийликти калтырууну мыйзамдаштырган өзгөртүүнү Конституцияга киргизүү аракети, мамлекеттик мүлктөрдү өтө арзан сатуулар, көптөгөн каражаттарды сыртка чыгаруу эске түшөт. Ошол кездеги бийлик тарабынан 6-апрелде Таласта, 7-апрелде Бишкекте куралдар ташталган. Бакиевдин режиминин планы оппозицияны жок кылуу болчу». 

“Конгантиев Апрель окуясынын жандануусуна себеп болгон”

— 6-апрелде Таласта өтө турган курултайга даярдыктар көрүлүп жатканда бийлик диалогго келбей активисттерге кысым көрсөткөн. Айдын башталышында эле милиция кызматкерлери курултайга элди барбагыла деп эскертип, коркуткан. Таластагы болуп жаткан окуяга чара көрүү үчүн ошол кездеги ички иштер министри Конгантиев жөнөтүлгөн. Ал шашылыш, катуу чара көрүүгө чакырган. Конгантиев облустун борборуна 7-апрель күнү келип, башкалардын кеңешин укпастан, тартипке келтирүү үчүн буйрук берип баштаган. Бирок элдин толкуну күчөп кеткен. Конгантиевдин ур-токмокко алынган сүрөтү дүйнө жүзүнө жайылып кеткен. Андан Конгантиев катуу жабыркаган үчүн ал суракка алынбай, тергөө иштери жүргөн эмес. Бирок Конгантиев Апрель окуясынын жандануусуна себеп болгон. Андыктан анын иши боюнча соттук иликтөө жүрүп, тагдырын сот аныкташы керек. Республиканын саясий тарыхында атайын тынч убакытты тандап, кылмыш ишти жаап салуу туура эмес.

Эске салсак…

2010-жылдагы ИИМ министри М.Конгантиев телевизордон: «Талас толугу менен көзөмөлдө, керек болсо дагы күч органдарын жиберем»,-деп күпүлдөгөн. Жоон топ элдин арасында калганда: «мен Таласка  бийликтин көрсөтмөсү менен келдим. Телевизордон да алардын көрсөтмөсү менен сүйлөгөн»,-деген. Бакиевдердин айткандарын аткарганын өзү мойнуна алып жатпайбы. Бул тарых, ал тарыхты эч ким чийип сала албайт. Аны азыркы ажо да унутпашы керек! Конгантиевдин бул сөзү жогоруда Роза Исаковнанын «Конгантиев Бакиевдердин командасында болуп, анын кланына кызмат кылган» деп айтканын айгинелеп, тастыктап турат. Андыктан андагы калкка кыянаттык кылган иши үчүн жооп берип, мыйзам чегинде жоопко тартылышы керек!

Сотко жетпей жабылган иш…

Эскерте кетсек, жакында эле, 6-июлда, “Конгантиевдин ишинде кылмыштын курамы жок” дегенден кийин, дароо УКМК тергөөнү токтоткон. Ошондон улам, А.Бекназаров, Р.Отунбаевалар күйүп-бышып ачуу чындыкты айтып жатышат. Биз дагы күйүп жатабыз. Бийлик кийлигишпесе, эмнеге сотко жетпей Конгантиевдин иши жабылып калат? Учурда катуу талкуу жаратып жаткан экөөнүн кол кармашкан сүрөтүндө бир мандем бар…

Эрзат МЫРЗА

One thought on “Роза ОТУНБАЕВА: “Конгантиев Бакиевдин командасында болуп, анын кланына кызмат кылган”

  1. Куч органдары мамлекетке, законго, бийликке баш ийет. Эгерде президент приказ берип жатса кайсы министр жок деп айта алат. Конгелдиев жертва двух властей. Азыр ушундай болуп кетсе кайсы министр кимдин этегин кармайт,эртен ким бийликте болуп калат?

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.