Борбиев Бекназаровдун жыйын өткөрүүсүн суранды

Борбиев Бекназаровдун жыйын өткөрүүсүн суранды

Кечээ коомдук ишмер Азимбек Бекназаров Апрель окуясы боюнча журналисттерге жыйын өткөрүп, андагы бийлик, ИИМ министри М. Конгантиев боюнча катуу айткан. Ал жыйынга катуу “таасирленгенби”, айтор, ырчы Бек Борбиев А.Бекназаров дагы бир жолу жыйын берсе дейт. Ошондой оюу Фейсбуктагы ырчынын баракчасына мындай деп түшкөн: “Азимбек мырза, өзүңүздүн дагы өткөн күндөрүңүздү эске салып, банктагы «ячейкалар» жөнүндө бир кенен пресс-конференция берип койсоңуз жакшы болот эле, кылмыш иши жандана электе… Эл арасында көп аңыз-кептер айтылып келет, кантип «ячейкалар» Алматыга ташылганы…”.

Ал “ячейка” боюнча А.Бекназаров далай эле жолу айтып келген. Бирок, ал Алматыга ташылганы боюнча укпаппыз. Бакиевдин бийлигинде ырчы Бек Борбиев баажыканада иштеп калбады беле. «Ячейкаларды өткөрүп» жибергенби?.. Аны биз А.Бекназаровдун өзүнөн сурап, эртең жообун беребиз.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.