ТАЛАС: “Президентке баягы эле «дүжүрлөр” жолукту”

ТАЛАС: “Президентке баягы эле «дүжүрлөр” жолукту”

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-июлда, Талас облусуна иш сапары менен бир күнгө барган. Мамлекет башчынын иш сапары Талас районундагы Манастын күмбөсүндөгү зыярат менен башталып, Таш-Арык айылынын балдар бакчасынын курулушу жана Тараз-Талас-Суусамыр автожолун реконструкциялоо долбоорун ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышкан.

Андан соң, Кара-Буура районундагы Шекер айылына барып, «Чыңгыз-Ордо» маданий-тарыхый мемориалдык музей-комплексин куруунун жүрүшү менен таанышып, Бакай-Ата районундагы жеке ишкердин Европадан алынып келип, 40 гектар жерге отургузулган алма багын көрдү. Кайра Талас шаарына келип, Капар Медетбеков атындагы музыкалык драма театрында аймактын активи менен жолуккан. Ал жыйынга Таластын тургундары, айрым журналисттер кирбей калган. Мындай маалыматты Талас шаарынын тургуну Элдар Алаков “Азаттык” радиосуна билдирген. «Президент менен жолугушууга алдын-ала жазылыш керек экен. Бүгүн атайын президентке 82 барактан турган кайрылуу жазып алып келгем. Анда сотторго карата даттануу жазылган. Бул жерде жалаң эле «дүжүр» адамдарды киргизип, маселебизди ачык айтайын дегендерди киргизбей коюшту. Жээнбеков менен жолугууну кыркка чукул адам каалаган. Алар негизинен банктан насыя алып, акчаны учурунда төлөй албагандыктан иши сотко өтүп кеткендер”,-деген Э.Алаков.

“Президент, үнүмдү укчунун” пикири жазылды

Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмүнүн жетекчиси Толгонай Стамалиева “Азаттыкка” айткан. Анын айтымында, «Президент, үнүмдү укчу!» деп жазып, плакат көтөрүп театрдын алдында турган Гүлдари Сманованын пикири жазылып алынган. 82 бет кайрылуу менен президентке жолуга албай калган Элдар Алаковду сырттан таппай калышкан. Жыйынга кире албай калгандарга да түшүндүрүү ишин жүргүзүшкөн. Театрга 500 адам гана баткандыктан ашыгы киргизилбей калыптыр.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.