Жээнбеков Конгантиев боюнча оюн Таластан айтты…

Жээнбеков Конгантиев боюнча оюн Таластан айтты…

Бүгүн, 12-июлда, президент Сооронбай Жээнбеков Таласка иш сапары менен бир күнгө барып, жолугушуудагы суроолорго жооп берип жатып, Бакиев убагында ИИМ министри болгон Молдомуса Конгантиев боюнча үн катты. Анын кылмыш ишин изилдеп, тергөөнүн чечимине укуктук баа берүүнү Башкы прокуратурага тапшырганын айтты.

-Мурда токтотулган жана жабылган 500дөн ашык кылмыш иштери боюнча иликтөө жүрүп жатат. Бул кылмыш иштеринин арасында 2010-жылы козголгон жана 2010-жылдын 28-сентябрында өндүрүштөн токтотулган мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевге карата козголгон кылмыш иши дагы бар. 2018-жылдын 29-майында тергөө кайра жанданып, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Башкы тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилген. Мен Башкы прокуратурага бул кылмыш ишин изилдеп, тергөөнүн чечимине укуктук баа берүүнү тапшырдым.

Конгантиевдин иши эмнеге убактылуу токтотулган?

Башкы прокуратура 2010-жылы Молдомуса Конгантиевге Кылмыш-жаза кодексинин 305-316-беренелери («Кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу», «Шалаакылык») менен кылмыш ишин козгогон. Ага “ошол жылдын 6-апрелинде басма сөз жыйынында сүйлөгөн сөзү менен 7-апрелде Таласта элге курал колдонулушуна себепчи болгон» деген айып тагылган. Бирок, дал ошол күнү Таласта катуу таяк жеп, ден соолугуна оор залака тийгендиктен тергөө убактылуу токтотулган. Ал боюнча Роза Отунбаева да кечээги кайрылуусунда айткан.

Молдомуса Конгантиевдин адвокаты Икрамидин Айткулов Конгантиевдин аракетинде «кылмыштын курамы болгон эмес» деген негиз менен ишти кыскартуу тууралуу УКМКга кайрылса, анын ал өтүнүчү канааттандырылып, «2010-жылы кандуу апрель окуяларына Конгантиевдин тиешеси болгон эмес» деп расмий билдирген. Ошого эл да, экс-президент Роза Отунбаева да, Азимбек Бекназаров да нааразы болуп, өз пикирлерин билдирген.

Роза ОТУНБАЕВА: “Жаңы бийликтин реакциясын эл күтүп жатат”

Мурунку бийлик козгогон резонанстуу кылмыш иштерине карата жаңы бийликтин реакциясын коомчулук чыдамсыздык менен күтүп жатат. Биз баарыбыз ЖЭБ боюнча коррупциялык эпопеяга баш-отубуз менен кирип кеттик. Ушундай кырдаалда Конгантиевге козголгон кылмыш ишин «эл чыдайт, көтөрөт» деп ишенгендиктен сотсуз, тергөөсүз эле унчукпай жаап коюшту. Менин пикиримде, Конгантиевдин иши — бул апрель ыңкылабынын, Таластагы окуянын тамыры, себеби. Ошол кездеги абалга банкрот болгон режимдин мыйзамды, адам укуктарын бузушуна карата элдин жообу болгонуна көзүм жетет. Конгантиевдин иши соттук териштирүүдөн өтүп, анын тагдырын сот гана чечиши керек экендиги шексиз. Атайын эмгек өргүү маалында өлкөдөгү өтө чоң саясий жана коомдук мааниси бар ишти тымызын жаап коюуга болбойт.

Экс-президенттин мындай кайрылуусуна жаңы президент бүгүн жооп кайтаргандай болду. Болгондо да Талас жерине барып айтты. Президент кандай мааниде айтты, «актагыла!» деген маанидеби же «жоопко тарткыла!» дегиниби? Бул өзүнчө чоң суроо. Кандай болгон күндө да Конгантиев мыйзам чегинде жоопко тартылышы керек!

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.