Жалган жалаа менен атылган Абдрахманов жөнүндө тасма тартылат

Жалган жалаа менен атылган Абдрахманов жөнүндө тасма тартылат

Эсен болуп, эстей жүр!

Иосиф Сталинден коркпой, ага ачык сын айткан мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахманов “контрреволюциячыл жана улутчул” деген жалган жалаа менен айыпталып, 1937-жылы сталиндик репрессияга тартылып, 1938-жылы атылып кеткен. Ушундай мыкты, тарыхый инсан жөнүндө тасма тартууга экс-депутат, мурдагы мэр, ишкер Аскар Салымбековдун фонду сынак жарыялаган. Сынакка режиссерлор Эрнест Абдыжапаров, Замир Эралиев, Бекболот Айдаралиев, Эрнест Абдыжапаров, Нурлан Абдыкадыров, Нурбек Боркошев, Нуркамил Курманкулов, Руслан Машрапов, Бакыт Турдубаев катышкан. Жыйынтыгында Э.Абдыжапаров жеңип алды. Тасманын сценарийин журналист Бакыт Орунбеков жазган.

Жусуп Абдрахмановдун кызы Ленина Абдрахманова жөнүндө бу жердеги ШИЛТЕМЕден окуңуздар!

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.