Албек Ибраимовдун ордуна болчулардын аты атала баштады. Кимге ушундай калпак, чепкен буйруйт?

Албек Ибраимовдун ордуна болчулардын аты атала баштады. Кимге ушундай калпак, чепкен буйруйт?

Албек Ибраимовду шаардык депутаттар кызматтан алып салгандан бери ар ким өзүнүн жактаган адамынын атын атай баштады. Атүгүл Фейсбук баракчасында акция жүрүүдө, “эми ким болот? Татыктуу мэр келсе экен” деп күбүр-шыбыр кептер кетүүдө… Анда эмесе, окурмандарга түшүнүктүү болуш үчүн сөздү башынан баштайлы, аягында башты чайкайлы!

“Эки жүздүү” депутаттар

Бишкек шаардык кеңеши 13-июлда кезексиз жыйын өткөрүп, баарылап (бири да каршы болбой, 40 депутат тең бир добуштан) Албек Ибраимовдун өзүн катыштырбай, сыртынан тон бычышты, тагырагы, ээрден шыпырып салышты. Алар ага ишеним көрсөтпөө тууралуу чечим кабыл алып, токтом чыгарып, аны премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге жөнөтүштү. Өкмөттүн токтому аркы жумада чыкса керек.

40 депутаттын колдогону туура, бирок, “эки жүздүүлүктүн” да чеги болот да. Алмазбек Атамбаев президент болуп турганда, андан да, анын жакын адамы Албек Ибраимовдон “корккондой” сүр бар эмес беле. Мактап, жактап колдошподу беле, өзгөчө КСДП эт-бетинен кетпеди беле. Эсиңерде болсо керек, Алмазбек Атамбаевдин эң ишенимдүү адамдарынын бири болгон Албек Ибраимов мэр болуп 2016-жылы февраль айында шайланган. Анда 43 депутаттын бирөөнөн башкасынын баары анын талапкерлигин колдогон. Атүгүл мэриянын алдына жүздөй адамды уюштурушпады беле. Алар: “Биз Албек Ибраимовду колдойбуз, ал татыктуу, мэр болсун!” деп кыйкырып турбады беле?! Ошондо ошол кыйкыргандар жөнүндө ооз ачышкан эмес. Эми болсо жаңы президентке ыктап, кошомат кылгандай… Сапар Исаковду кызматтан Жогорку Кеңештин депутаттары кетиргенде депутат Исхак Масалиев: “КСДПдан күткөн эмесмин. С.Исаковду силер колдогонсуңар, азыр да колдошуңар керек болчу, ал силердин партиядан келген талапкер эле” деп аябай таңгалган. Ошол сыңары, мен дагы шаардагы КСДПнын депутаттарына таңгалдым. Мэрликке өткөндө башына калпак кийгизип, үстүнө чапан чаап, колуна гүл кармаштышкан. Эми болсо, бетине да айта албай, өзү жокто «шыбап» отурушат. Ушундай кошоматчы, эки жүздүү депутаттар болгон үчүн шаар, өлкө өнүкпөй жатат. Кадр маселесинен аксак келгенбиз жана келатабыз…

Албек Ибраимовго, орун басарына кылмыш иши козголгон… 

Буга чейин Албек Ибраимовго да, анын орун басарына да кылмыш иши козголгон. Алсак, «ТНК Дастан» ишканасындагы мыйзам бузууга байланыштуу шек саналып жаткан Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовго УКМК кылмыш ишин козгогон. Алар факты боюнча, 30-майда, Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренеси («Кызмат абалын пайдалануу менен ишенип берилген мүлктү өзүнө ээлеп алуу жана коротуу») менен кылмыш ишин козгогон. Ал боюнча сурак берип чыккан, дагы суракка чакырылуусу күтүлүүдө… Бул боюнча депутат болуп турганда Өмүрбек Текебаев канча жолу какшап айткан эле… Аттиң!

Ошондой эле А.Ибраимовдун 1-орун басары Ренат Макенов менен мэриянын Жер ресурстары башкармалыгынын башчысы Урмат Мурзакановду УКМК 6-июлда камакка алган. Алар Кыргызстандын жер мыйзамдарын бузуп, Бишкектин №12 кичирайонундагы 3,5 гектар жерди жеке жактарга мыйзамсыз берип жиберген деп шектелүүдө… УКМК кабарлагандай, бул аткаминерлерге Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” жана «Коррупция» беренелери боюнча айып тагылууда.

И баса, Атамбаев Ибраимовду мактады

Албек Ибраимовду мэр кылып коюп алып, Алмазбек Атамбаев каалагандай “калчады”. Дегеним, жер алып, хан сарай салды. “Апрель” телеканалы жайгашкан көчөнү бир заматта “Апрель” көчөсү кылып алды. Ошол кылган иштери үчүнбү, айтор, «Даңк» орденин төшүнө таккан. Кыскасы, экөө көп ишти жасады. Анан эле ал ээрден шыпырылып жатса, ичи ачышат да. Жакын адамдарынын бири Албек Ибраимовдун кызматта турушу анын акыркы үмүтү болчу, аны да таш капты. Атамбаев дароо эле бу боюнча жооп айткан, ал мындай:

Атайылап жасалып жаткан саясий куугунтуктун жана каралоолордун жыйынтыгы түшүнүктүү эле болчу. Анын ишине кантип тоскоолдук кылып, кантип шыбап атышканын көрүп жатасыңар. Бул жарым жылдан бери уланууда. Мунун баары коррупция менен күрөшүүгө эч кандай тиешеси жок экенин ал тургай бийликте турган кишилер да түшүнүп жатышат. Албек Ибраимов борбор калаадагы «чечилиши мүмкүн эмес» деп эсептелген жана бүтпөгөн көйгөйлөрдү чечкен натыйжалуу мэр деп эсептейм. Көбүнчө белгилүү болбогон иштер боюнча да чечкиндүү кадамдарга барды. Бирок шаардыктардын алдында өзү жооп бергени чыкчу жана эч кимдин артына жашынып алган эмес. Бүгүнкү күнү бул өтө сейрек сапат”.

Албек ИБРАИМОВ: “Мындай чечим – саясий буйрутма”

Ал эми Албек Ибраимов өзү эмне деди? Ал «Фейсбуктагы» баракчасына видео аркылуу элге кайрылуу жасады. Ал төмөндөгүдөй:

Аскар Салымбековго мүмкүнчүлүк берип көрбөйлүбү?

Коомдук ишмер, ишкердин аты аталууда, ал — экс-депутат, спортчуларды колдоп келаткан ишкер Аскар Салымбеков. Ал мурда мэр болуп иштеп кеткен, бирок, аз гана убакыт иштеген. Ага мүмкүнчүлүк берилген эмес. Эми берип көрбөйлүбү?..

Жамалбек Ырсалиевдин да аты аталууда…

Фейсбуктагы өздөрүнүн баракчасына Жамалбек Ырсалиевди мактап, жактап, “мэрликке татыктуу” деп тааныштары, достору, санаалаштары жазып, акция уюштурушууда. Алар белгилүү журналисттер: Элнура Кулуева, Канышай Мамыркулова, Чынайым Кутманалиева, Сайрагүл Дуулатова. Алардын жазганына караганда, Жамалбек Ырсалиев уюштуруучулук, менеджерлик жагынан алдыга киши салбаган адам экен.

Темир САРИЕВ: “Шаарды Фрунзедегидей калыбына келтиришибиз керек”

“Спутник” сайты экс-премьер-министр Темир Сариевден орус тилинде интервью алып жатып, “сизди Бишкек шаарынын мэри болот” деген сөз кетти” деп сурай кетишкен. Ал төмөндөгүдөй жооп берген.

 — В последнее время даже в горуправе муссируются слухи, что вы станете мэром Бишкека…

— Это только слухи. Не могу сказать что-то однозначно, но думаю, что я молод и у меня есть возможность использовать огромный опыт работы в парламенте и правительстве во благо страны. А в какой форме это произойдет, время покажет.

— Что бы вы сделали в первую очередь на месте главы Бишкека?

— У города должен быть столичный облик. Мы должны вернуть ему былую красоту, когда он еще назывался Фрунзе. Это должен быть зеленый, чистый, культурный, комфортный, современный, динамичный Бишкек, который покажет все преимущества нашей страны. Это также чистота, транспортные развязки.

Вы бы ввели штрафы за выброс мусора в неположенном месте, за то, что плюют на улице?

— Надо поднимать культуру, только штрафы здесь не помогут. Я родился в Сокулуке, а учился в интернате в Бишкеке. Когда родители отправляли в столицу, четко напутствовали: громко не разговаривать, семечки не щелкать, не плеваться, в автобусе уступать место старшим, если кому-то надо помочь — руку подать. То есть были элементарные правила поведения. К сожалению, мы их утратили. Самое главное — надо быть опрятно одетым, чистым.

Темир Аргембаевич өзү айткандай, “тажрыйбалуу, жаш”. Менин оюмча, татыктуу адам. Себеби, таасирлүү кызматтарда иштеп, иштин көзүн билип калды. Жогорку билимдүү, үч тилде (кыргыз, орус, англис) эркин сүйлөйт, ой жүгүртүүсү жакшы, орундуу сүйлөйт, кыскасы, ишбилги инсан. Албетте, бул менен жеке оюм. Кандай болгон күндө да буга точканы Өкмөт башчы коет. Шаардык депутаттар чыгарган токтомун ага жөнөтүшкөн, жооп боло элек. Аркы жумада чечилип калса керек. Ага чейин ар ким өзүнүн жактырган адамы көрүнүп калса экен деген ниетте айтып, “талапкерин” көрсөтүп жатат да. Татыктуунун татыктуусу келсе экен!

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.