ЧЫГАША: Көчмөндөр оюнунда кийим тиктирүүгө 2 млн сом кетет

ЧЫГАША: Көчмөндөр оюнунда кийим тиктирүүгө 2 млн сом кетет

Көчмөндөр оюнуна кетчү чыгашалардын бири – кийим. Мамлекеттик сатып алуулар порталынын маалыматына караганда, параддык кийимдерге — 2,380 миң сом, спортчулар менен волонтерлордун кийимдерине — 3,1 миллион сом чыгымдалат.

Эскерте кетсек, 2014-жылы биринчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюну башталган.  Экинчиси 2016-жылы, Ысык-Көлдүн Бостери аймагындагы Бактуу-Долоноту айылында курулган ат майданында экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюну өткөн эле. Ошол кездеги президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков демөөрчүлөр 2 миллион доллардай жардам кылганын айткан. Эми быйыл сентябрда III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өткөнү турат. Кийим-кечеге эле 2 млндон ашык кетсе, башкасына дагы канча деген каражат кетет? Ушунун кереги бар беле?

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.