Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна Жеки Чан, Леонардо ди Каприо чакырылды

Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна Жеки Чан, Леонардо ди Каприо чакырылды

Быйыл Дүйнөлүк көчмөндөр оюну 2-сентябрдан 8-сентябрга чейин үчүнчү жолу Ысык-Көлдө өткөнү турат. Ага даярдык көрүү иш-чарасы кызуу жүрүүдө…

Даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча катчылыктын жетекчиси Нурсултан Аденовдун ММКларга билдирүүсүнө караганда, ДКОго президенттин атынан бир топ дүйнө президенттерине жана дүйнөлүк кино жылдыздарына: Анжелина Жоли, Жеки Чан, Леонардо ди Каприого чакыруу жиберилген. Кино жылдыздарынан жооп боло элек.

Кино жылдыздарынан ичинен «Леонардо ди Каприо сөзсүз келиши мүмкүн. Жеки Чан да келиши ыктымал. Ал эми Анжелина Жолини белгисиз»,-деген кептер кетти. Буларды жакшы көргөн жаштар ошол күндү чыдамсыздык менен күтүшүүдө… »

Андан тышкары, Стивен Сигал кайрадан келиши ыктымал.

Ошентип, коңур күздү күтүп турган чагыбыз…

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.