Ооруканага түшкөн полковникке аялы бычак сайганбы?

Ооруканага түшкөн полковникке аялы бычак сайганбы?

Чүй облустук ички ишмер башкармалыгынын мурунку башчысы, милициянын полковниги Нурлан Сарчаев бычактан жаракат алып, Чүй облустук ооруканасына жеткирилип, операция жасалган. Алдын ала маалыматтарга таянсак, мындай окуяга анын аялы шектелүүдө, ортодогу жаңжалдан улам, ага аялы бычак шилтеп жиберген.

Эскерте кетсек, Нурлан Сарчаев Жайыл районундагы милиция бөлүмүндө 19 жаштагы Бурулайдын бычакталышына жол берген кызматкерлерге карата иликтөөнүн натыйжасында 4-июнда кызматынан алынган.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.