Талантбек ИСАЕВ: “Канат Исаев толук акталышы керек болчу” (ВИДЕО)

Талантбек ИСАЕВ: “Канат Исаев толук акталышы керек болчу” (ВИДЕО)

Бүгүн, 18-июлда, ЖК депутаты Канатбек Исаевдин иши Бишкек шаардык сотунда каралып, ал үй камагына чыгып, үй-бүлөсүн кубантты. Ага “бийликти басып алуу” аракетине байланыштуу жана Токмок шаарында мэр болуп тургандагы иштери боюнча эки кылмыш иши козголуп, УКМКнын тергөө абагында былтыр 30-сентябрдан бери отурган.

Бишкек шаардык соттун сыртында инисин күтүп турган ИИМ Мамлекеттик адистештирилген күзөт башкармалыгынын мурдагы башчысыТалантбек Исаевден журналисттер “үй камагына чыкканына ыраазысызбы же нааразысызбы?” деп суроо узатканда, ал “толугу менен акталыш керек болчу” деп жооп берген. Толугу менен ВИДЕОдон көрүңүздөр!

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.