Өмүрбек Текебаевди соттогон Эрнис Айбек уулу Албек Ибраимовду соттойбу же актайбы?

Өмүрбек Текебаевди соттогон Эрнис Айбек уулу Албек Ибраимовду соттойбу же актайбы?

Учурда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту мурдагы мэр Албек Ибраимовдун бөгөт чарасын карап жатканын журналисттер билдирди. Алардын айтымында, Албек Ибраимов сотко жеткирилип, анын бөгөт чарасын Эрнис Айбек уулу карап жатат.

Эрнис Айбек уулу ким?

Бул адам Өмүрбек Текебаевди жалган жалаа менен соттоп жиберген сот. Ушундай ыплас иши менен элдин эсинде. Алмазбек Атамбаевдин буйругун аткарган сот бүгүн экс-президенттин эң жакын адамы Албек Ибраимовду актайбы же соттойбу? Бул чоң суроо. Байкап туралы. Эскерте кетсек, буга чейин бүгүн Албек Ибраимов кылмышка шектүү катары кармалып, УКМКнын тергөө башкармалыгына жеткирилген. Ага 13-июлда Бишкек шаардык кеңеши ишеним көрсөтпөө тууралуу чечим кабыл алып, премьер-министрге жөнөтүшкөн. Ошол чечимди колдогон премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кызматтан бошотуу буйрукка бүгүн кол койду. Ошентип, 14-мэр Албек Ибраимов кызматынан кетти. Анын кызматтан эмнеге кеткенин бул жердеги ШИЛТЕМЕден окуңуз!

Атамбаев Ибраимовду дагы эле актап атат

Алмазбек Атамбаевдин эң жакын, ишенимдүү адамы Албек Ибраимов бүгүн “майлуу” кызматынан кетип, экс-президенттин иши ачышып турган кези. «Сапар Исаков менен Кубанычбек Кулматовдун ишинде чындык эске алынбай жатканын көрүп, мен Албек Ибраимовго карата тергөөдө да объективдүүлүк болоруна ишене албайм» дептир Атамбаев. Анын айтымында, “Дастан” ишканасына көп миллиондогон киреше алып келген. “Мамлекетке бул ишкананын тарыхындагы алгачкы дивиденддерди алып келген долбоор үчүн Албек Ибраимовду кантип айыптоого болорун түшүнүш кыйын»,-дейт экс-президент.

15-мэр ким болот?

Учурда мэрдин милдетин анын орун басары Бакытбек Дүйшембиев аткарууда. Буга чейин 14 мэрлүү болуппуз. Алар кимдер? Алар баягы эле белгилүү саясатчылар, тизмеси төмөндөгүдөй:

  1. Акматбек Нанаев (1990-1991 жж.);
  2. Абдыбек Суталинов (1991-1992 жж.);
  3. Өмүрбек Абакиров (1992-1993 жж.);
  4. Жумабек Ибраимов (1993-1995-жж.);
  5. Борис Силаев (1995 -1998-жж.);
  6. Феликс Кулов (1998-1999-жж.);
  7. Медетбек Керимкулов (1999-2005-жж.);
  8. Аскар Салымбеков (2005-жылдын апрель айынан август айына чейин);
  9. Арстанбек Ногоев (2005-2007-жж.);
  10. Данияр Үсөнов (2007-2008-жж.);
  11. Нариман Түлеев (2008-2010-жылдын 7-апрелине чейин);
  12. Иса Өмүркулов (2010-жылдын 8-апрелинен 2013-жылдын 4-декабрына чейин);
  13. Кубанычбек Кулматов (2014-2016-жж.);
  14. Албек Ибраимов (2016-2018-жж.).

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.