Алмазбек Атамбаевдин эң жакын адамы Албек Ибраимов камалды

Алмазбек Атамбаевдин эң жакын адамы Албек Ибраимов камалды

Кечээ, 19-июлда, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда мурдагы мэр Албек Ибраимовдун бөгөт чарасын сот Эрнис Айбек уулу караган. Ал А.Ибраимовду бир нече беренелер менен айыптап, тергөө бүткөнчө 29-августка чейин камакта калуу чечимин чыгарды.

Эскерте кетсек, «ТНК Дастан» ишканасындагы мыйзам бузууга байланыштуу шек саналып жаткан Албек Ибраимовго Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренеси («Кызмат абалын пайдалануу менен ишенип берилген мүлктү өзүнө ээлеп алуу жана коротуу») менен кылмыш ишин УКМК козгогон. Алар кечээ кармап, камашкан. Алардын айтымында, А.Ибраимов тергөөчүгө курал колдоно турганын айтып коркуткан.

А.Ибраимовду Бишкек шаардын депутаттары кызматтан алып түшүшкөн. Алар ага ишенбөө чечимин чыгарып, премьер-министр Мухамбеткалый Абылгазиевге жөнөтүшкөн. Ал чечимди кечээ премьер колдоп, буйрук чыгарып, кол койгон. Таба эмес, тобо! Ичкен-жегендер акыры ушинтип жооп берет. Ага болбой эле экс-президент А.Атамбаев А.Ибраимовду ак деп чычалап жатат. Анын айтымында ал таза иштеп, мамлекетке киреше алып келген. Дегеле чыгаша кылбаптыр. Толтуру жерди мыйзамсыз ээлеп алганын, атүгүл өзү да М.Бакиевдин жерине хан сарай салып алганын мыйзамдуу деп эсептейт экен. Мына, ушунун баарын айта калам деп жалган жерден Ө.Текебаев камакта отурат. «Ак ийилет, сынбайт!» дегендей, актыгы мына айтыла баштады. Анын айткандарынын баары эми айтылып, ичип-жегендер четинен камала баштады! Эми президент Сооронбай Жээнбеков Өмүрбек Текебаевди чыгарса. анда тарыхта калат!

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.