Өмүрбек Текебаев ырайым сурабашы айтылбады беле, аны кайталоонун кажети бар беле?

Өмүрбек Текебаев ырайым сурабашы айтылбады беле, аны кайталоонун кажети бар беле?

Президент Сооронбай Жээнбеков кечээ, 19-июлда, өлкөнүн жарандык секторунун өкүлдөрү менен жолугушуп, алардын ыңгайлуу да, ыңгайсыз да суроолоруна жооп берген. Анын ичинде, албетте, кайталанма суроолор көп болду.

Ушундай мүмкүнчүлүк болуп жаткандан кийин, ошончо барганга жараша айрым активисттер, укук коргоочулар даярданып барышса жакшы болмок. Мисалга алсак, «Жаңы муун» саясий кыймылынын лидери Тимур Саралаев трайбализм жөнүндө суроо узатты. Ага президент кыскача: «Трайбализм боюнча региондор аралык козутуунун аркасында кимдер тургандыгын билем”,-деди. “Ага карата кандай чаралар көрүлөт, жооп берүүгө жетишкен жок», — дептир журналисттерге Тимур Саралаев. Кандай чаралар көрүлөөрүн май айында президент катуу айткан эле. Аны бул ШИЛТЕМЕден окуңуздар!

Турсунбек Акун жөнүндө…

Укук коргоочу Турсунбек Акун президентке кандай суроо бергени боюнча “Азаттыкка” минтип мактаныптыр: “Урматтуу президент, айкөлдүк кылыңыз, кемчилиги жок эмес, бирок алар саясий куугунтук менен камалды, булар эркиндикке чыгышы керек” деген маселе койдум. Президент “эгер ырайым сурап кайрылса, мен карайт элем, бирок, ал боюнча кайрылуу боло элек” дегендей сөзүн айтты. Бул Текебаевге байланыштуу. Андан тышкары, мен Бектур Асанов жана башкалар бар экенин айттым. Президент соттордун ишине кийлигише албасын, бирок, алар туура эмес чечим кабыл алса, анда четте карап турбасын билдирди”,-деп.

Өмүрбек Текебаев боюнча жакында эле Акыйкатчы кызматтан өз каалоосу менен кеткен Кубат Оторбаев дагы ырайым суроо боюнча президентке кайрылган болчу. Ө.Текебаев жана анын адвокаттары андан баш тартышкан. Себеби. «кечирим суроого негиз жок» дешкен. Туптуура, негиз жок. Турсунбек Акун ошонун негизинде суроо берсе болмок, «ырайым суроого негиз жок» дешти. Чын эле негиз жок, жалган жалаа менен, Атамбаевдин «касташкан» буйругу менен отурат. Сиз муну жакшы билесиз да, неге сиз ушул убакка чейин ал ишти көзөмөлгө албай жатасыз?» деген суроону узатса сонун болмок. Ушундай курч суроону кабыргасынан коюш керек эле.

Турсунбек Акун Кубат Оторбаевди Акыйкалчылык кызматка отургандан кеткенче аны жамандап келди. Анан анын ырайым кылуу суранычын кайталоонун кажети бар беле?

Ырайым кылуудан баш тартуу боюнча Өмүрбек Текебаевдин жана анын адвокаттарынын айткандарын бул жердеги ШИЛТЕМЕден толук окуй аласыздар!

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.