Албек Ибраимовдун «басып» алган жерлери (ВИДЕО)

Албек Ибраимовдун «басып» алган жерлери (ВИДЕО)

Бишкек шаарынын мурдагы мэри Албек Ибраимовду кызматтан бошотуу буйрукка премьер-министр М.Абылгазиев кол койгондон кийин, УКМК 19-июлда анын Арашандагы үйүнө барып, кармап келип камашкан. Ошол эле күнү ага козголгон кылмыш иши боюнча Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда соту болуп, ал бир нече беренелер менен айыпталып, тергөө бүткөнчө 29-августка чейин камакта калуу чечими чыккан. Дароо эле анын “бир тууганы” (А.Ибраимов өзү ушинтип мактанган болчу. Ө.Текебаев дагы “А.Ибраимов Атамбаевдин баласынан да жакын адамы” ,-деп айтып, ал канча жерди ээлеп алганын депутат болуп турганда айтты эле. Ошондо укмаксан болуп койгон ЖК депутаттары эми эмне дешээр экен? Шаардык депутаттарды го көрдүк, эми араң алып түшүштү.  Ошол кезде Атамбаевден коркпой, болгон депутаттар Текебаевдин ачуу чындыгын колдоп коюшканда, А.Ибраимов былтыр эле жоопко тартылмак – авт.) Алмазбек Атамбаев “аны таза, ал өлкөгө кирише гана алып келген” деп чычалап чыкты. Ал “таза” адамдын канча жери бар экенин, анын канчасы аялына катталганын бул жердеги ВИДЕОдон көрүңүз!

Эки жыл мурун Өмүрбек Текебаев айтты эле…

Өмүрбек Чиркешович 2016-жылы, 19-сентябрда, Албек Ибраимовдун ким экенин, «басып» алган жерлери жөнүндө айткан болчу. Аны бул жердеги ВИДЕОдон көрүңүз!

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.