Журналист Уланбек Эгизбаевдин өлүмү тууралуу ИИМ билдирди

Журналист Уланбек Эгизбаевдин өлүмү тууралуу ИИМ билдирди

28 жаштагы мыкты журналист, кесиптешибиз Уланбек Эгизбаевдин каза болгонуна ишенбей, кабыргабыз кайышып турган чагыбыз. “Азаттык” радиосу: “Азырынча Ысык-Көлгө түшүп, эс алууга барган жеринен сууга чөгүп каза болгону кабарланды. Кыргызстандын Ички иштер министрлиги журналист кырсыктаган жерге тергөөчүлөр тобун жөнөттү”, -деп жазышкан. Социалдык түйүндөгүлөр “табышмактуу өлүм. Киши колдуу болду го”,- деп жазышты айрымдар. Ал эми ИИМ министрликтин басма сөз катчысы Бакыт Сейитов Уланбек Эгизбаевдин өлүмү тууралуу буларды билдирди:

— Келинчеги экөө “Акун” пансионатында эс алып, бүгүн кайтмак экен. Чыгар алдында ал «көлгө бир түшүп келейин» деп кетиптир. Көлгө түшүп жатып чөгүп кеткенин элдин баары көрүптүр, “Тез жардам” чакырып, ооруканага жеткенде каза болгон экен. Суудан алып чыкканда эсине келип-келбей турган деп айтып жатышат. Окуяны Ички иштер министрлиги өз көзөмөлүнө алды.

Уланбек Эгизбаев мыкты журналист болчу…

“Коррупция менен мамлекет эмес эле, жалгыз журналист Уланбек Эгизбаев күрөшүп жаткандай”,-деп ЖК депутаты Жанар Акаев айткандай, Уланбек Эгизбаев коррупция менен күрөшүүдө мамлекетке бир топ салымын кошту, көпчүлүк миллионерлердин бетин ачты. “Азаттык” жазгандай, соңку эки айда Тарых музейиндеги мумия баш болгон экспонаттардын чоо-жайын (иликтөөнүн аталышы: «Саясатташкан мумия«), Бишкекте жана анын тегерегинде өрчүп кеткен көрүстөн сатуу бизнесин (иликтөөнүн аталышы: «Көрүстөндөгү коррупция«) иликтеген. Анда Эгизбаев кабырлар кызылдай акчага сатыларын, көрлөр тирүү адамдарга да алдын ала сатылып кеткенин айтып чыккан.

“Азаттыктын” айтымы боюнча, йрым учурларда ага телефондон коркутуп-үркүтүүлөр, түшүнүксүз каттар келгени маалым болгон.

Ушундай мыкты журналисттен айрылып отурабыз. Уланбек 28 гана жашта болчу. Ал 1990-жылы 12-февралда Кочкор районунда туулган. 2013-жылы Кыргыз-түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин, 2015-жылы БГУнун саясат таануу багыты боюнча магистратураны аяктаган. Бир ай мурда ардагер журналисттердин колунан “Алтын калем” сыйлыгын алган. Биздин “Алакан” сайты былтыр Жаңы жылдын алдында Уланбек Эгизбаевди “Жылдын мыкты журналисти” кылган элек. Аттиң, өмүрү өтө кыска экен!

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.