Бир үйдүн жалгыз уулу — Улан Эгизбаевдин сөөгү бүгүн жерге берилет

Бир үйдүн жалгыз уулу — Улан Эгизбаевдин сөөгү бүгүн жерге берилет

Эсен болуп, эстей жүр!

“Азаттык” радиосунун кабарчысы, мыкты журналист Уланбек Эгизбаевди бүгүн акыркы сапарга узатабыз. Журналисттин сөөгү бүгүн, 24-июлда, өзү туулуп-өскөн Нарын облусундагы Кочкор районунун Көк-Жар айылына коюлат. Тажиясы саат 10.00дө башталат. Артында ата-энеси, эжелери жана кош бойлуу жубайы калды. Ата-энесинин төрт кыздан кийин көргөн жалгыз уулу эле…

Кечээ Бишкекте саясатчылар, кесиптештери коштошту… (ВИДЕО)

Сооронбай ЖЭЭНБЕКОВ: “Ысымы кыргыз журналистикасынын тарыхында сакталып калат”

Президент Сооронбай Жээнбеков чыгаан журналист Уланбек Эгизбаевдин дүйнөдөн мезгилсиз кайтканына байланыштуу көңүл айтты.

-Таланттуу журналист Уланбек Эгизбаевдин күтүлбөгөн жерден кайтыш болгону тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Маркум Уланбек Эгизбаев жаштыгына карабастан, мааниси терең, далилдүү фактыларга таянган журналисттик иликтөөлөрүндө коомдогу курч маселелерди көтөрүп, өлкөнү мите курттай соруп келаткан коррупцияга каршы күрөштө мамлекетибизге чоң колдоо көрсөтүп келди. Ал өз материалдарынын социалдык, моралдык жана саясий натыйжалары үчүн жоопкерчиликти өзүнө ала билген кесипкөй калемгер болчу. Уланбек Эгизбаевдин ысымы кыргыз журналистикасынын тарыхында сакталып калат. Анын активдүү жарандык позициясы жана бийик кесипкөйлүгү жаш муундар үчүн үлгү болот«.

Роза ОТУНБАЕВА: “Уланбек күлүктүн күлүгү болчу”

Экс-президент Роза Отунбаева Уланбек Эгизбаевди эскерүү иш-чарасынан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып журналист иликтөө тармагына ат көтөргүс салым кошуп кеткенин билдирди:

— Уланбек Эгизбаев күлүктүн күлүгү болчу. Ал журналисттик иликтөө деген тармактын башатында турду десем да жаңылышпайм. 28 жаштагы журналист гигантттай болуп, бул жанрды абдан чоң деңгээлге жеткирип кетти. Журналисттик иликтөө болмоюн бизде коррупция, акыйкатсыздык деген дайыма гүлдөй берет. Тилекке каршы, биз Уланбектин күчүн, талантын пайдалана албай калдык. Өтө эрте кетип калды.

Дастанбек ЖУМАБЕКОВ: «Уланбек тууралуу өткөн чакта жазуу өтө оор»

Спикер Дастанбек Жумабеков да Уланбек Эгизбаевдин үй-бүлөсүнө көӊүл айтты. 

-Уланбек Эгизбаевдин мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгы тууралуу кабарды тереӊ кайгыруу менен кабыл алдым. Ал таланттуу, жаркын адам эле. Журналистикалык иликтөөлөрү дайыма коомчулуктун көӊүлүн бурчу. Жаштыгына карабай көпчүлүк кесиптештерине үлгү болчу. Жалпы элге калеминин курчтугу, кайраттуулугу жана эмгекчилдиги менен таанылган. Уланбек тууралуу өткөн чакта жазуу өтө оор.

Уланбек Эгизбаевдин каза болушу жакындарынын гана жүрөгүн оорутпастан, жалпы кыргызстандыктарды кайгыга салды. Биз Уланбекти түбөлүк эскеребиз. Үй-бүлөсүнүн жана жакындарынын аза кайгысын теӊ бөлүшүп, аларга кайрат айтам.

Жанар АКАЕВ: «Ишенбей жетип бардым, сен жатасың…»

“Чындык учту асманга”аталышта ЖК депутаты Жанар Акаев “Фейсбуктагы” баракчасына мындай деп жазды:

-Сенин сөөгүңү коштоп, асманыбыз аңтарылып, сай сөөгүбүз сыздап, нес болуп келатабыз, Улан! Бир туугандан кем эмес жакын элек, сырдаш элек, ичим эңшерилип, көзгө жаш алгандан башка арга таппай турам, Улан! Жолуккан сайын элдин ырыскысын уурдагандар менен түбөлүк душман болооруңу айтып, каңырыгың түтөп турчу. Чыныгы журналист сен болчусуң Улан, таза, дили ак, өз ишине берилген, уурулардын кекиртегине тыгылган кылкан элең, Улан! Сени элиң тегиз сүйчү Улан, бир ууч коррупционерлер гана сенден эрте кутулууну самашчу, бирок, алардын да азабын берчүлөр табылаарын унутпасаң экен. Аз убакытта өзүңдү көрсөтө алдың, жаш муунга үлгү болдуң, акыйкат жарчысы болдуң, Улан! Үй-бүлөңө күйүмдүү элең, Сапаргүл менен чогуу бактылуу элең, жан берсең да шакегиң колуңда экен, аны көрүп да күйбөгөн жерим күл болду, Улан! “Коомду накта сендей балдар өзгөртө алмак, качан десең да командаңа кошулам Жанар, тирек болуп берем дечүсүң! Келечекке сендей балдар менен барам”,- деп ишенимдүү жүрчүмүн, эми кантем, Улан?! Сенин коррупция менен, уурулар менен күрөшүңдү улантууга бар күчүбүздү жумшайбыз, ишиңди улантабыз. Элиң сага, сенин адилеттүү телекөрсөтүүңө суусап турса, сен шашып кеттиң Улан, жараткан сендей жигитти кантип алды арабыздан, түк түшүнсөм өлөйүн. Ишенбей жетип бардым, сен жатасың, башыңды жерге салбай, бүжүрөбөй, бырышпай, жүзүңдөн нур таамп, таптаза пейлиң менен. Аттиң, эр жүрөктүгүң менен ажалга да тике караган экенсиң! Анткени, сенин абийириң таза, жүрөгүң таза, Улан! Кош Улан, элиң, жакындарың, санаалаштарың сени түбөлүк эсинен чыгарбайт! Бейишиң болсун, Улан!

Чубак ажы ЖАЛИЛОВ: “Уландын дүйнө салышы кабыргамды кайыштырды”

Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгынын мурдагы башчысы Чубак ажы Жалилов “Фейсбуктагы” баракчасына мындай деп жазды:

-Оттой жанган, чындык үчүн чыркырап күйгөн, таарынышкандарды жараштырганга далалат кылган, жашоосу сааттай чыкылдап өткөн, жигиттин гүлү Улан мырзанын дүйнө салышы кабыргамды кайыштырды. Үйлөнөөрүндө келинчеги Сапаргүл экөө келип, мусулман пендеси молдодон угаар акыл-насаат сурап, айткан сөзгө муюп кулак салганын бир эстесем, досуна күйөө жолдош болуп нике кыйдыртып кеткенин бир эстейм. Агалык кылып кээде урушуп койсом, ашыкча сөз айтпай угуп, “Макул ажыкем!” дегени көз алдымда дале турат. Менден алган акыркы маегиң «Кабырстан коррупциясы» жөнүндө болгон эле. Маектин акырында сени алып калып, башыңды кармап дем салып берип, көз тийгенден сактаган дубаны жазып колуңа карматып, «ушуну дамамат окуп жүр, жамандардын көзүнөн, өзүнөн Кудайым сактасын, улуу жолдосуң, акыйкаттын ташы оор, этият бол» деп айтып узаткан элем”, — деп кейиген ажы.

Эки университетти бүткөн

Улан Эгизбаев 1990-жылы Нарындын Кочкор районунда туулган. Ал 2013-жылы Кыргыз-түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин, 2015-жылы БГУнун саясат таануу багыты боюнча магистратурасын аяктаган. «Азаттык» радиосунда 2013-жылдан бери эмгектенип келе жаткан.

Ысык-Көлдөгү табышмактуу өлүм. Бутундагы тактар эмнеден кабар берет?

Уланбек Эгизбаев Ысык-Көлгө келинчеги менен эс алууга барып, 22-июлда суудан чыкпай калган. Сууга чөгүп, Чолпон-Ата шаарында ооруканада көз жумган. “Акун” пансионатына тергөөчүлөр тобу барып, окуяны иликтеген. Ошол күнү кечке маал ИИМдин басма сөз кызматы билдирген. Алардын айтымында, маркум Көлгө чөгүп каза болгон. Жакындары буга ишенбей, алар сөөгүн экспертизадан өткөрүүнү чечишип, 23-июлга караган түнү Чолпон-Атадан Бишкекке жеткирилген. “Азаттыктын” айтымында, сөөктү ачуу 23-июлда саат 9да башталып, ага «Азаттыктын» кабарчысы Токтосун Шамбетов менен маркумдун досу Каниет Жыргалбеков катышкан. Алар маркумдун эки бутунан тактарды байкашкан. Токтосун Шамбетов Эгизбаевдин бутундагы тактарды Чолпон-Атадан эле байкап, аны милициянын протоколуна коштурганын жана бутундагы тактарды Жогорку Кеңеш депутаттары Жанар Акаев, Абдывахап Нурбаев да көргөнүн айткан. Азырынча экспертизанын толук тыянагы чыга элек. Буга чейин Соттук-медициналык экспертиза борбору жүргүзгөн иликтөөнүн баштапкы жыйынтыгында журналист «чөгүп өлгөнү» кабарланган. Эмнеси болсо да күтө туралы, бутундагы тактар боюнча экспертиза эртең эмне дейт? Маркумдун бутундагы тактар эмнеден кабар берет?

“Алакан” сайтынын эмгек жамааты Уланбек Эгизбаевдин ата-энесине, эжелерине, келинчегине жана “Азаттык” радиосунун жалпы жамаатына терең кайгыруу менен көңүл айтып, азасын тең бөлүшөт.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.