Сапар Исаковдун апасы президентке кайрылды (ВИДЕО)

Сапар Исаковдун апасы президентке кайрылды (ВИДЕО)

Бүгүн Жогорку сот экс-премьер-министр Сапар Исаковдун баш коргоо чарасын үй камагына чыгарууга өзгөртүү киргизүү аппеляциялык арызды жабык эшик артында карап, аны 5-августка чейин камакта калтырды. Соттук жыйынга С.Исаков алынып келинген жок, анын адвокаттарынын катышуусунда өттү. Сотко анын апасы, бир туугандары, жакындары, жердештери келишкен. С.Исаковдун апасы Нургүл Сагындыкова бүгүнкү сот боюнча төмөндөгүдөй комментарий берген.

Мен Сооронбай Шариповичке кайрылам. Ал коррупция менен күрөшүп жаткандыктан, бул иште жардам берет деп ойлойм. Анткени менин баламдын ишинде эч кандай коррупциянын жыты жок. Ал эч үчүн иштеп, өмүрүн ушуга арнаган. Баламдын атасы 45 жыл Ош облусунда иштеп, элге жардам берген. Ал атасынын тарбиясы менен бара жатат. Азыркы болуп жаткан окуяны эл көрүп, түшүнүп турат жана аны 100 пайыз колдойт деп ойлойм. Себеби, эл акылдуу, зээндүү. Азыр мен 65 жаштамын, мындай акылман элди жолуктурган эмесмин. Сот бардыгын жакшы билип турат, болгону бул жерде кандайдыр бир түшүнбөстүк болууда. Башка сөзүм жок.

Эскерте кетсек, Сапар Исаков Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) жаңылоого байланыштуу кылмыш ишинин алкагында 5-июнда камакка алынган.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.