Кыргызстанга биринчи жолу мүйүздөн кыл кыяк жасаган – Нурбек Турдакунов

Кыргызстанга биринчи жолу мүйүздөн кыл кыяк жасаган – Нурбек Турдакунов

Кыргызстанда биринчи жолу мүйүздөрдөн кыл кыяк жасаган уста — Турдакунов Нурбек Алакунович. Анын колунан жасалган кыл кыякты кыл кыякчы кыздарыбыз — Айнура Бердигулова, Залина Касымовалар тартып жүрүшөт. Башка облустарга жана Казакстанга чейин сатылган.

Уста жөнүндө кыскача маалымат бере кетсек, ал Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Казыбек айылында 1969-жылы туулган. Бишкектеги С.А.Чуйков атындагы көркөм сүрөт окуу жайын бүткөн. Кесиби – сүрөтчү. Беш кыздын атасы. 11 бир туугандын кичүүсү.

— Нурбек мырза, мүйүз менен кыл кыяк жасоо идеясы кайдан келди?

— (Күлүп) Чарыктын чаңырган үнүнөн идея пайда болгон. Чарык менен иштеп олтурсам, ал үн берип жатпайбы… Ошондон улам, мүйүздөн кыл кыяк жасасам, сонун бир үн берет экен деп ойлоп, жасадым. Кошунам Марат Берикбаев аттуу киши – кыл кыяк жасайт. Алгач ага барып кеңешип көрөйүн дедим, ага: “мүйүздөн кыл кыяк жасасам, үн чыгабы?”,- десем, ал билбестигин айтты. Осмонакун Томотоев жездем болот, анан ага барып, сурасам, “жасап көр, балким, үн бериши мүмкүн”,- деди. Жездем дагы учурунда өрүктөн кыл кыяк чапчу. Анын жасалышы боюнча тажрыйбасы мол.

Менден кыл кыяк сатып алгандар деле фамилиямды билишпейт. “Нурбек байке жасаган, ошол байкеден сатып алдык” деп телевизордон маек берип жаткандарын угуп калгам.

— Алардын бири — ырчы, кыл кыякчы Залина Касымова экенин билебиз. Эң биринчи эмгегиңизди Залина сатып алды беле?

— Менден Айнура Бердигулова, Залина Касымова, Назгүл Казакова жана Бактыгүл, Чолпон аттуу кыл кыякчы кыздарыбыз сатып алып, сахнада ойноп жүрүшөт. Алгачкы кыл кыягымды — Айнура Бердигулова сатып алган. Музыкалык билимим болбогондон кийин, бирөөгө ойнотуп, үнүн угуп, көрүш керек болуп, Айнура Бердигуловага барып, “үн береби же жокпу?” деп тарттыртып көрдүм. Үнү мен ойлогондой жакшы чыгып берди. Менден сатып алгандардын баары эч кемчилик айтышкан жок.

Канча кыл кыяк жасадыңыз?

— Көп эле жасадым. Жалал-Абадга экөө, Ысык-Көлгө бирөө, Нарынга дагы бирөө сатылды. Казактарга көп жасадым.

— Казактар кайдан угушуптур?

— Алар менден сувенир алышчу. Буга чейин мен сувенир жасап келдим. Казактар кыл кыякты көрүп жактырышты. Казактар кыргыз кол өнөрчүлөрүн жакшы баалашат.

— Жашыруун болбосо, баасын айтып койбойсузбу, канча турат? Казактар жакшы акчага алышса керек?

— 500 доллардан жогору турат. Мен дагы мүйүздү сатып алам, жасаганга керектүү нерселерди алам, эмгегимди эсептейм, анан баасын чыгарам. Буга чоң эмгек кетет. Кургатасың, формасын келтиресиң. Бир калыпка түшкөнчө жаш баланы карагандай карап турасың. Чоюлуп баратканда кысасың, кысылып калса чоесуң, биригип баратса ажыратасың дегендей. Күнү-түнү карайсың. Бизде эмгекти баалашпайт. А казактар андай эмес, алар эмгегиңди баалайт, эсептешпейт, айткан бааңа алып кетишет. Дагы заказ бергендер болду, учурда жасап жатам.

— Заказ бергендерге канча күндө бүтүп бересиз, канча убакыт кетет?

— Мүйүздү мен кечээ жакында эле кармаган жокмун, аны менен иштеп келатканыма 20 жыл болду. Тажрыйбам мол. Тажрыйбам болгондуктан, бир кыл кыякты он күндүн ичинде жасай алам деп ишенимдүү айта алам.

— Бир кыл кыякка канча мүйүз кетет жана эмненин мүйүзүнөн жасайсыз?

— Бир кыл кыякка 4-5 мүйүз кетет. Мүйүздү да тандап алам. Өтө карып кеткен мүйүз болбойт, жараксыз болуп калат. Жашы өтүп кеткен кулжа менен текенин мүйүзү сынып калат же бир жеринен тешик чыгып калат. Жаштарыныкы да болбойт, мүйүзү ийилип кетет. Орто жаштагы кулжа менен текеникин аралаштырып жасаса болот. Негизи орто жаштагы кайберендики жакшы болот.

— Мүйүздү кайдан, кимден сатып аласыз?

— Нарында атайын лицензиясы бар эгерлер бар, ошолор менен сүйлөшүп, аларга заказ берем. Баасы сүйлөшүүгө жараша болот. Аларга жатып калган мүйүздөр жарабастыгын, тоо-ташта көп жатып калган мүйүздөр чирип, сапатын жоготуп коерун айтып, түшүндүрөм. Жатып калган мүйүздүн үстүнө суу кирип, жасаганга жарабай калат.

— Жыгач менен мүйүздүн айырмачылыгы эмнеде?

— Мүйүздөн жасалган кыл кыяк өзүнүн туруктуулугун жоготпойт, кандай жасалса ошондой сакталып калат. Жыгачтан жасалган кыл кыякты айта албайм. Себеби, мен жыгачтан жасап көргөн жокмун.

— Мындай эмгегиңизди бизнес десек болобу же жөн эле хоббиби?

 

— Эми бизнес десе эле байып кетүү дебеш керек. Мен деле кесибим ушул болгондон кийин, өз кесибим менен үй-бүлөмдү багайын деп эмгектенип жатам.  Өзүмдүн каалаган кесибиме ээ болуп, иштеп келатам. Көздөгөн максатыма жеттим. Дегеним, бир нерсе ойлоп таап, ошону жасап, ал дүң болсо дегем. Дүң деле болгон жок. Бирок, мындай өнөрүм менен Кыргызстандагы кол өнөрчүлүккө салым коштум деп ойлойм. Себеби, мүйүздөн Кыргызстанда биринчи жолу кыл кыяк жасалды.

— Сизге багыт берген ким болду эле, ата-энеңизби же мугалимиңизби?

— Менин келечектеги кесибиме Сүйүндүков Кулназар агайым багыт берген. 4-класста окуп жүргөндө мектепке ушул агай келип, кружок ачып, бизге көп нерсени үйрөттү. Мисалы, мен матрибут менен композицияны, перо менен жазганды, айнек, трафарет кескенди дал ушул агайдан үйрөндүм. Мектепти бүтөөр бүткөнчө агайды ээрчип жүрдүк. 2-класста окуп жүргөндө, мугалимибиз: “Балканын сүрөтүн тартып келгиле!”- деп үйгө тапшырма берип калды. Мен үйгө барып, чоң атамдын балкасын алып, маңдайыма коюп алып, альбомуна сүрөтүн тарттым. Эртеси 2-класста окуткан Сайна эже доскага чыгарып алып, мени аябай мактаган. Эң биринчи сүрөтүм ошол балка болгон. Ошондон баштап сүрөт тартууга кызыгуум арткан. Студент кезде портреттерди жакшы тартчумун. Кийин чарыкка өтүп кетип, сүрөткө жөндөмүм кетип калды. Азыр кайыш, мүйүз менен иштейм.

— Сүрөтчүлөрдүн окуу жайын бүткөнсүзбү?

—  Чуйков атындагы көркөм сүрөт окуу жайга өтүү кыйын болчу. Алгач Бишкектеги № 19, азыркы № 92 окуу жайын бүтүргөм. Андан кийин армияга кеттим, аскерден келгенден кийин Чуйков атындагы окуу жайга тапшыргам.

— Сиздей болуп кол өнөрчүлүк менен алектенген бир тууганыңыз, балдарыңыз барбы?

— 11 бир туугандын кичүүсүмүн. Ар кимиси ар кайсы кесип менен кетишти.  Бирок эң улуу  байкемдин баласы чоң сүрөтчү болду. Ал азыр белгилүү сүрөтчү — Айып Алакунов. Үй-бүлөм колдойт. Баары кыздар болгондуктан, бул жумушка аралашуусун өзүм каалабайм.

— Сизден үйрөнөм деген балдар барбы?

— Ооба, үйрөнөм дегендер толтура. Бирок мүйүз менен иштеш кыйын. Буга кызыгуу жана чыдамкайлык керек.

-Бирок, азыр жаштар биринчи өнөрдү үйрөнүүнү эмес, кирешесин сурашат эмеспи…

-Ооба, андайлар да бар. Биринчи акчаны ойлогон киши эч качан кыл кыяк жасоону үйрөнө албайт. Жогоруда айттым го, буга кызыгуу жана чыдамкайлык керек!

-Бизде чынында чоңдор, байлар эч качан өнөрдү баалабайт. «Эми ушуну жөн эле белек кылып койбойсузбу?»,-деп бекер алгысы келет. Ошондой учур болдубу?

-(Күлүп) андай учурлар да кездешкен…

Кыл кыяктан тышкары сувенирлери…

Турдакунов Нурбек Алакуновичтин колунан көп нерсе келет, өнөрлүү инсан. Өнөрканасынан өз колунан жасалган көп деген сувенирлерге күбө болдук. Кыл кыяктан тышкары заказга жараша сувенирлерди жасайт. Бирок аны айтып, мактангысы келбейт. Дегеле өнөрүн даңазалаганды жактырбайт. Тааныш, туугандарынын айтымында, канча деген телерадиого чакырылган экен. Биз дагы мындай маекке араң көндүрүп, сүрөткө араң тарттык. Анда да кыйгачынан…

Назира ЖАКШЫЛЫКОВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.