Жасалма документ жасаган Ат-Башыдагы айыл өкмөтү кармалды

Жасалма документ жасаган Ат-Башыдагы айыл өкмөтү кармалды

Бул тууралуу “Азаттык” радиосу жазып чыкты. Аларга Ат-Башы райондук прокурордун орун басары Кубанычбек Асанов билдирген. Анын айтымында, Нарын облусундагы Ат-Башы районунун Казыбек айыл өкмөтүнүн башчысы Руслан Дөкөевге Кылмыш-жаза кодексинин 350-беренесинин («Документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу») негизинде кылмыш иши козголгон. Учурда бул иш боюнча тергөө жүрүүдө.  Тергөөнүн маалыматына караганда, Дөкөев Руслан айыл өкмөтүнүн башчылыгына келээр алдында, өзү мүчө болгон дыйкан чарбасынын башчысы болуп беш жылдан ашык иштеген деп жаздырып алган. Жыйынтыгында, ал Казыбек айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланган. Эгер анын жасалма документ жасаганы далилденсе, анда ал үч жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратылышы ыктымал.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.