Талас облусунун губернатору премьер-министрден тил укту

Талас облусунун губернатору премьер-министрден тил укту

Кечээ 3-августта өкмөттө жыйын болуп, көп маселелер каралды. Алардын бири жаңы окуу жылына даярдык эле. Бул маселеге Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев даяр келбегендиги үчүн премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевден тил укту. Премьер Мураталиевден Талас облусу боюнча канча мектеп Билим берүү министрлигинде аккредитациядан өтпөгөнүн сураганда, ал бул туралуу маалыматтар жазылган баракты унутуп калып, бул суроого даярданган эместигин айткан.

Абылгазиев: «Чай ичкени келдиңизби?

Ачуусу келген Абылгазиев: «Сиз бу жерге чай ичкени келдиңизби? Сиз өкмөттүн жыйынына келдиңиз. Жок дегенде колуңузга кагаз кармай чыксаңыз боло?! Колдо керектүү кагаздар же планшет болушу керек. “Жок дегенде канча мектеп расмий каттоодон өткөнүн билесизби?», — дегенде, ал боюнча да маалыматы жоктугун айтты. “Облус жетекчисинин көрүнүшү ушул. Эмкиде даярданбай келсеңиз, ушул залга кирбейсиз”,-деп нааразы болду.

Белгилей кетсек, ар бир мектеп окуучуга берип жаткан билим деңгээлин аныктоо максатында беш жылда бир жолу каттоодон өтүп турушу керек.

Марат Мураталиев деген ким?

Ал эми Марат Мураталиев жөнүндө элдин эсине сала кетсек, ал Талас облусуна былтыр 4-декабрда дайындалган. Ага чейин Дайыр Кенекеев жетектеп турган. Аны Атамбаев жанына алып, вице-премьер-министр кылган. Толугун бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаңыздар болот!

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.